Эс тутумду жакшыртуунун алты жолу

Учурда унутчаактык сапаты бир гана улууларда эмес, жаштарда да арбын кездешүүдө. Унутчаактык сапатынын бара-бара өөрчүшү “Альцгеймер” оорусуна алып келерин проффессор Түркер Шахинер айтат. Күнүмдүк турмушта эле бир нерсебизди алып, аны кайсы жерге койгонубузду билбей дароо унутуп калып жатасызбы. Анда төмөнкү эрежелер сизге жардамга келет.

Эс тутумду сактап калыш үчүн

Кийимдериңиз үчүн атайын белгилүү бир орундук болсун.Мисалы, көз айнек, ачкыч сыяктуу буюмдарыңызды атайын орундук даярдап коюңуз.

Бат-баттан жазып, белгилеп туруңуз. Мисалы, жолугушууларды, телефон номерлерди, жакын адамдарыңыздын туулаган күн даталарын унутуп калып жатсаңыз. Атайын бир дептер алып аларды жазып туруңуз.

Жасаган жумушуңузду катуу үн менен өзүңүзгө эскертип туруңуз. Мисалы, көгүлтүр отту өчүрдүнбү, үтүктү өчүрдүңбү, -деген сөздөр сыяктуу.

Эскертип турчу техникалык каражаттарды колдонуңуз. Чөнтөк телефонуңузду эрте менен ойготкуч саат катары колдонуңуз.

Бир ишти аткарууда көңүлүңуздү ошого гана буруңуз: Бир канча айланабызда болуп жаткан окуялар сиздин оюңузду ар кайсы жакка чачыранды кылышы мүмкүн. Мына ушул учурда терең бир дем алып, өзүңүздүн ишиңизди гана ойлонуңуз.

Уйкуңуз келген убакта, убагында уктап мээни эс алдыруу керек.Адистердин айтымында, түн ичинде мээнин жакшылап эс алуусу, эртеси күнкү маалыматтарды жакшы кабыл алууга жардам берет.

БУЛАК:zaman.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу