«Эстен чыкпашы керек». Депутат ИИМдин алдына Бурулайдын эстелигин орнотууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев Ички иштер министрлигинин алдына милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын эстелигин орнотууну сунуштады. Эл өкүлү мындай пикирин 28-июндагы парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул окуя эстен чыкпашы керек жана укук коргоо органынын кызматкерлери бул окуядан сабак алууга тийиш.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул окуя боюнча моралдык жоопкерчиликти тартып жатканын билдирди. «Мен өзүм да моралдык жактан кыйналып жатам. Бул окуяга байланыштуу «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Ал эми эстелик орнотуу сунушуңузду министрге айтып көрөйүн», — деди Асанов.

Эскерте кетсек, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө жигит ала качып бара жаткан кызды бычактап, андан кийин өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган. Кыз алган жаракатынан улам  көз жумган. Ал эми кызга жана өзүнө бычак сайган М.Б. аттуу жаран Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

БУЛАК:СУПЕР.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу