Эски мүрзөнү козгогон адамдын көзүнө көрүнгөн арбак…

Бул окуя мындан элүү жылдан ашык илгери болгон экен. Тактап айтканда 60-жылдары тоонун түбүндөгү чыккан булактан айылга суу алып келүү үчүн, трубаларды жаткызуу үчүн эксковатор менен жерди казып, кеминде он чакырымдай жерге суу жеткирүү керек болуп калат. Андай ишти албетте план түзүп, анан картасын чийип алып, баштары турган иш эмеспи. Архитекторлор чийип берген иш кагазы менен тоонун түбүнөн ылдыйды карай казуу иши башталат. Иш кызуу жүрүп, жер казып жаткан техника беш чакырымдай казгандан кийин эски мүрзөгө келип такалат. Тракторду башкарып жаткан Токтош деген жашы кырктан ашып калган киши эмнегедир, мүрзөлөргө жакын келгенде эле кандайдыр бир нерсе аян берип, андан ары жер казганга каршы болот.

Бирок ал кездеги чоңдор анча-мынча нерсеге маани бербей иштин алдыга жылышын гана ойлоп, Токтоштун каршы болгонуна карабай жер казганга мажбурлайт. Токтош кабагы салыңкы ишти кайра баштайт. Эки метрдей мүрзөгө жакын калганда трактор өзүнөн-өзү өчүп калат. Бул көрүнүш дагы Токтошту катуу ойго салып, түшкү эс алууну шылтоолоп эки сааттай убакытты текке кетирет. Аңгыча бул ишти көзөмөлгө алган киши келип тилдеп “иште” деп катуу талап коёт. Токтош дагы бир метрдей жерди казып, алдыга жылганда трактор дагы өчүп калат. Андан дагы жөн туруп эле Токтоштун мурду канап, башы айланып чыгат. Ушул маалда оңдой берди болуп айыл жактан Саня деген орус киши келип калган болот. Ал Токтоштун айткан сөзүнө каткырып күлүп, тракторду от алдырып жарым метрдей жерди казып иш жаңы башталганда трактор дагы өчүп калат. Бул алдына ала берилген сырга көңүл бурбаган Саня ишти андан ары жылдыруу үчүн кайра тракторду от алдырып, жерди каза баштаганда, көзүнө бир нерсе көрүнүп, трактордон секирип түшүп эле ылдыйды көздөй качып жөнөйт.

Көрсө анын көзүнө ак кепин кийген караан кадимкидей көрүнүптүр. Ошол окуядан кийин казылып жаткан чуңкурду беш метр ылдыйдан алып өтүп, айылга суу түтүктөрүн алып келишкен экен. Бул эми арбактын кадимкидей белги берип, нааразы болгону экенин эске алып койгонубуз туура. Ошол себептен көзү өткөн арбактардын дагы тынчын алган болбосун эсиңиздерге салабыз.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу