Эски көздөр… Жээнбеков мурдагы премьер-министрлер менен жолуккан сүрөттөр

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-ноябрда, Жогорку Кеңештин экс-төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен арай көз чарай отуруп кездешти.

Sputnik Кыргызстан жолугушууга келген кыргыз өкмөтүнүн экс-жетекчилеринин жолугушуудагы сүрөттөрүн жарыялайт. Фотолор президенттин маалымат кызматына, Султан Досалиевге таандык.

Мамлекет башчы келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү түмөндөгөн чакырыктар күтүлүп жатканын белгиледи.

«Сиздер Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкансыздар. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар, бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек», — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле мамлекеттин өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги — бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр экенин кошумчалады.

Буга чейин Жээнбеков 40ка чукул өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер менен жолуккан.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу