Эски достордун «эрөөлү»

Жакында Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго жыйында айрым адамдар тарабынан “Өмүрбек Токтогулович, сиздердин фракциядан сунушталып шайланган Талас шаарынын мэри өз деңгээлинде иштей албай жатат, неге татыктуу талапкерлерди тандап сунуштаган жоксуңар?” деген доомат айтылган.

Дооматка жооп берип жатып, Өмүрбек Бабанов Талас шаарынын мурдагы мэри Анарбек Кушубековдун кызматтан кетишине Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев кийлигишкенин айтты. Ал ошондой эле Дайыр Кенекеевди премьер-министр болуп турганда министрликке дайындап, көтөрмөлөп колдоп келгенин билдирген.

Бирок Дайыр Кенекеев 2017-жылдын 5-июнунда “Азаттык” радиосуна бул пикир чындыкка жатпай турганын билдирди. Анткени Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков мыйзамга ылайык мэрлик мөөнөтү (4 жыл) бүткөн жана ушул себептен ал кызматынан бошотулган. А.Кушубеков өз талапкерлигин шаардык кеңештин алдына “Республика” партиясынан кайра коюудан баш тарткан. Анткени ага аталган партиянын жетекчилери А.Кушубековду колдобой койгону негизги себеп болгон. Ошентип ал Бабановдун айыптоосун четке какты.

Эскерте кетчү жагдай, “Республика” партиясынын мүчөсү Анарбек Кушубеков 2013-жылы Талас шаарынын мэри болуп, көпчүлүк коалициядан көрсөтүлүп шайланган.

Кептин чынында Анарбек Кушубеков алгачкы жылдары дурус иштеп, шаардын борбордук чөлкөмүн жакшыртууда аракеттерди жасаганы көпчүлүк элдин көз алдында. Бирок борбордук паркка шаардын бюджетинен 2015-жылы бөлүнгөн 3,5 млн. сом, 2016-жылы реконструкциялоо ишине бөлүнгөн 7 млн. 150 миң сомдук көлөмдөгү бөлүнгөн каражаттар максатсыз жана натыйжасыз жумшалып, коомчулуктун, облустук бийлик жетекчилеринин нааразылыгын жараткан. А.Кушубеков иш кечеңдетилип сапатсыз жүргүзүлгөндүгү боюнча КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катуу сынына дуушар болгон.

Курулуш иштерин конкурстун жыйынтыгы менен “КурулушЭнерго” ЖЧКсы утуп алып, 7 млн. 151029 сомго келишим түзүлүп иш жүргөн. Бирок жогоруда белгилегендей, реконструкция иштери сапатсыз, чала аткарылып, ал тургай материалдар өтө кымбат бааланганы тууралуу сөздөр айтылып, укук коргоо органдарынын кылтагына илинген.

Анткен менен укук коргоо органдары ал иштерди негедир узак убакыт бою чоюп келет. А.Кушубеков деле ал сындарды, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган ачуу сын материалдарга каяша жасап, карама каршы аргументтерин сунуш кыла албады. Анткени 11 млн. сомдук каражат жумшалган иш жасалбаганы паркка барып көз салган мектеп окуучусуна деле ачык көрүнүп турат.

“АКБ Кыргызстан” банкынын алдындагы 3,5 млн. сом жумшалган объект боюнча да иштерде Эсептөө палатасынын текшерүүсүндө курулуш материалдары кымбат бааланганы аныкталган. Бул иш да негедир ачыкталбай, айрым эпчилдер “бөдөнөдөй” басып отурушат. Эпчилдер мыйзам жоопкерчилигине тартылары башкы максат болбосо да, мамлекеттин акчасын самандай сапыргандар алешем иштерди толук кандуу жасап, ойдогудай бүтүрүүлөрү тийиш. Эң кейиштүүсү былтыр курулган фонтан бүгүн иштебей, парктагы чалагайым иштер ачыгы ачык, чачыгы чачык болуп жатат.

“Факт – деген өжөр нерсе” дегендей ошол кездеги экс-министр Д.Кенекеевдин 2012-жылдын 21-августунда “Фабула” гезитине берген маегинде ал Ө.Бабанов чынында анын министр болушуна каршы болуп, ал тургай Өкмөт тараптан 2011-жылы Жогорку Кеңешке сунуштамалар даярдалып жатканда кол койбой койгондугун, министрликке ошол учурдагы премьер-министр А.Атамбаевдин сунуштамасы менен бекигендигин айткан. Ал эми Ө.Бабанов премьер-министрликке дайындалып жаңы коалиция жана жаңы Өкмөт түзүлгөндө Ө.Бабанов өз сөзүнө туруп, аны министрликке сунуштабай, өз максатына жеткендигин белгилеген. Демек жогорудагы реалдуу фактылар Ө.Бабановдун айыптоосу чындыкка коошпой тургандыгын айгинелейт.

Дегинкиси, Ө.Бабанов соңку иш сапарын, депутаттык ишмердигине байланыштырган менен бул жолугушуу Президенттик шайлоонун алдындагы иш чара болуп калды. Өлкө башчылыгына талапкер болуп жаткан Таластын кулуну Ө.Бабанов чоң саясий күрөштүн алдына пендечилик жана таарынычын көкүрөгүнө катып, чоң саясатчынын бийиктиги менен эли-журтунун абалын сурап, жылуу маанай менен жолугушууну өткөрүп кетсе болмок. Кээде майдаланбай, бийик аракеттер менен упай топтоого да мүмкүн. Ө.Бабанов өлкөдөгү ири чоң ишкер, саясий ишмер, демек ошондой арым, аракеттер менен жүрсө өзүнө гана аброй топтойт.

Булак: Кыргыз туусу

Аргумент.kg
Жооп калтыруу