«Эски бийликтин кадрлары саботаж кылып салышы мүмкүн…»

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков элдин үнүн угууга ар дайым даяр экенин айтып келет. Бирок өткөн жумада үч шайлоочусу президентке чындыкты айтабыз деп жолугууга ниеттенгени үчүн соттолду, тиешелүү жетекчилерге эч кандай чара көрүлгөн жок. Мындан тышкары, ал «коррупционерлердин аттарын ачык айткыла» дегени менен айтылган ысымдар боюнча эч кандай реакция кылган жок. Бул окуялар коомчулукту таңкалтырууда. Буга байланыштуу «Cynep.KG» порталына журналист Нарын Айып төмөндөгулөрдү маалымдады: «Президенттин айткандарынын баары эле туура, бирок чын эле кээ бир көрүнүштөр коомчулук каалагандай ишке ашпай жатат. Менин оюмча, эски бийликтин кадрлары көп жерде отурат жана алар дале күчүндө. Алар менен да эсептешүүгө туура келет. Болбосо саботаж кылып салышы мүмкүн. Азыр да «күздө мындай иштер болуп кетет экен, тигиндей нерсе уюштуруп жатышыптыр» деген кептер айтылып жатпайбы. Менимче, ушул сыяктуу нерселерден чочуп жатышат. Маселе жаратып жаткандар орто деңгээлдеги адамдар. Алар премьерлер, президенттер алмашса да ордунда отурат. Аларды толук алмаштырганга көп убакыт кетет».

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу