Эсин жыйды…

Түшүнөн чочудубу же бирөө түртмөлөдүбү айтор, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында мындан дээрлик эки жыл мурун Дача-СУга кулаган учак маселесин көтөрүп чыкты. Эл өкүлү өз сөзүндө: «Дача-СУдагы окуя боюнча көп суроолорго жооп жок. Мисалы, бортто келген адамдардын саны так эмес. Бир адамдын өлүгү табылган эмес. Эмне үчүн ӨКМ кызматкерлери окуя болгон жерге 1 саат 40 минут кире алган эмес. Милиция кызматкерлери учак кулаган жерди курчоого алып, ӨКМ-дин куткаруучуларын киргизбей коюптур деп айтып жатышат. Бул кимдин жүгү болгон, ушул маселе боюнча иликтөө болуп жатабы, качан айтасыңар?» — деп оозду ачырды. Эки жыл мурун өзү кайда эле? Уктап калдыбы? Эми түштөн кийин, төө кыядан өткөн соң кылычын көтөрө чуркаганы күлкү келтиргең жорук эмеспи.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу