ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫНЫН ЧИНОВНИКТЕРИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришкендей, Эсептөө палатасынын чиновниктери пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Маалым болгондой, эсеп палатасынын “Республика-Ата-Журт” партиясынын квотасынан дайындалган аудитору Э.Э, ошондой эле К.У жана М.К аттуу мамлекеттик инспекторлор текшерүү объектилеринен такай акча алып жүргөн.

Чогултулган материалдардын негизинде Эсептөө палатасынын аудитору Э.Эге жана башка жактарга карата Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренесинин (коррупция) биринчи бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө учурунда текшерилген объектилердин өкүлдөрүнөн мамлекеттик инспекторлор чоң суммадагы акча алып, анын негизги бөлүгүн аудитор Э.Э.ге берип турганы аныкталган.

9-июнда аудитор Э.Э. иш бөлмөсүндө инспектор К.У. менен чоң суммадагы акча алып жаткан жерден кармалган. Учурда Э.Э. жана К.У. УКМКнын тергөө абагына камакка алынса, М.К. убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу