ЭРТЕҢ ТЕКЕБАЕВ БИРИНЧИЛЕРДЕН БОЛУП МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕН СЫНАК ТАПШЫРАТ

Эртең, 26-июлда Президентикке ат салышкандардын ичинен Өмүрбек Текебаев алгачкылардан болуп мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Маалым болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясы  кыргыз тилинен сынакты эртең баштайт.  Тизме түзүлүп, «Ата-Мекен» партиясынын лидери сап башында. Бирок, азырынча анын кайсы жерде жана кантип тапшырары белгисиз.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу