Күнү бою сергек жүрүшүбүз үчүн жана ден-соолугубузду да сактоо үчүн бул суусундуктардын тийгизген пайдасы мол. Ошондуктан эртең менен кофе эмес, ушул суусундуктарды ичип жүрүңүз:
Лимон + жалбыз
Жалбыз табигый антибактериалдык өсүмдүк болсо, лимон күч-кубат берип, иммундук системаны бекемдейт. Суусундукту даярдоо үчүн жалбыз жалбырактарынын үстүнө кайнаган суу куюп, жарым лимондун ширесин кошосуз.
Лимон + анар
Анар – күн сайын организмге керектелүүчү витаминдердин 40 пайызын түзөт! Сезгенүүгө каршы касиетке ээ болгондуктан сасык тумоо, суук тийүү жана башка вирустук ооруларды болтурбайт.
Лимон + имбирь
Имбирь зат алмашууну, тамак-ашты сиңирүүнү жакшыртып, иммунитетти чыңдайт. Имбирь тамырынын бир аз бөлүгүн майдалап туурап, үстүнө кайнаган суу куюп, лимон ширесин кошуңуз. Бал кошуп, суусундукту таттуу кылып алсаңыз да болот.