Эрнис Кыязов пайда болду

гилүү журналист Эрнис Кыязов бир канча убакыт мурун кандайдыр бир күч тарабынан
коркутууларга дуушар болгону баарыбызга маалым. Ошол көрүнүштөн кийин журналист
интернет тармагында өз оюн жазбай дайынсыз кеткен эле. Бирок журналист Кыязов
жаңы иш баштаганын маалымдап, facebook баракчасынын өзүнүн учурдагы
ишмердүүлүгү жөнүндө айтып өттү.

Өзгөртүүсүз беребиз.

Арбаңыздар , ассалом алекум , баарыңыздарга тынчылык
болсун улук­кичик фейсбукташтар, достор!

«Кайда жоголуп кеттиң?” деп көп адам жазып, чалып
сурашып, кээси үйгө чейин келип өзү менен кошо көтөрө
келген кыямын (варенье) берип чайлашып олтуруп да
кетишти. Каңырыш угуп мени “о дүйнө узап кетиптир” деп
угуп анан тирүү эле экенимди билип “өмүрүң узун болот экен”
деп кубанган тааныштар да болду. Баарыңыздарга
рахмат! Көптөн берки тыныгуудан кийинки силер менен
болгон бул саламдашуумду – чоң жортуулда баатырларча
салгылашып аман кайткан жоокердин саламындай кабыл
албаңыздар. Тек, бир жакшы иш баштадым эле, ошол
иш тууралуу кабарлап коюудан мурда кайда жүрүп, эмне кылып жатканым тууралуу айта кетейин деген
эле изги ниет:

1). Менин үйүмө келип “чочутуп” кеткен тентектердин окуясына чекит койгом: мурдагы милицияга
жазган арызымдан кийин аз өтпөй эле, “коркутуп кеткендерди мен кечирдим, кокус кармап калчу
болсоңор эч дооматым жок, кое берип жибергиле” деген мазмунда кайра тосмо арыз жазып бирөөгө
жаман, кыйды ойлобой Орозонун күнүндө жан дүйнө сергип жүргөн кезим.

2). Чыгармачылык уланууда. Ал эмне болгон чыгармачылык экенин билгиңер келсе интернеттеги
www.islamlife.kg порталына кирсеңер баары түшүнүктүү болот. Бул деген – “журналистикадагы
шыгымды, телевидениеден тапкан өнөрдү динге кызмат кылууга, анын мамзунун түшүндүрүүгө арнайм”
деген максат. Портал ишин жаңыдан гана баштап жаткандыгына байланыштуу айрым бөлүмдөрдүн
техникалык себептерден улам али ишке кире электигин туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деген
ойдомун.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу