ЭРНЕСТ УМЕТАЛИЕВ ЖАНА ЧОЛПОНАЙ ДУБАЙДА ЗАМАНБАП ТОЙ ӨТКӨРҮШТҮ

Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы Чолпонай менен продюсер Эрнест Уметалиевдин маеги жарык көргөн эле. Анда жаш жубайлар заманбап тоюн Дубайда өткөрөрүн айтышкан. Өткөн аптада алардын кыялы ишке ашып, Дубайда үлпөт той өткөрүштү.

– Саламатсызбы, Чолпонай? Дубайда өткөн той тууралуу кыскача баяндап берсеңиз?
– Саламатсызбы? Биздин чакан заманбап тоюбуз 13-февралда Дубайда досторубуздун жана ошол жакта жашаган тууганыбыздын курчоосунда өттү. Эртеден кечке унааларга түшүп алып Дубай шаарын кыдырдык. Кечинде кемеге түшүп, жасалма пальма аралына саякат жасадык. Андан кийин ресторандардын биринде чакан тойду дасторкон үстүндө белгиледик.

– Тоюңуздарда өзгөчө белек тартуулагандар болсо керек?
– Тоюбуз тынч жана биз күткөндөй жакшы өттү. Эң биринчиден ата-энелерибизге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Катардагы салттуу, элге сиңип калган тойлордон айырмаланган той өткөрүүгө мүмкүнчүлүк беришти. Ушул өзгөчө белек болду. Анын үстүнө биз дагы андай нуктагы тойду каалаган эмеспиз. Ошол себептен көпкө чейин датасын аныктай албай жүрдүк. Биздин жакшылыгыбызга ортоктош болгон жакын досторубуз, туугандарыбыз белектен да куру калтырган жок. Бардык белектер өзгөчө болду. Эң кымбат белек – алардын колдоо көрсөткөнү.

– Үлпөт тоюңуздар кандай кызыктуу окуялар менен коштолду?
– Кызыктуу, эсте калган учурлар болбой койгон жок. Тууганыбыздын кызы «Ак шоола» балдар хорунда ырдачу. Жасалма пальма аралына баратканда кеменин кичинекей сахнасында бийлеген бийчилерди көрүп алып элдин алдына чыгып бийлеп кирди. Аны көргөн досторубуздун балдары да бийлеп, кемедеги башка жүргүнчүлөрдү таң калтырды. «Кыргыздар артисттер» экен деп калышса керек (күлүп). Ошентип көптөн күткөн тоюбузду өткөрүп алдык. Буюрса, борборго дагы 2 жумадан кийин кайтабыз. Азыр бал айын өткөрүп жатабыз.

 Булак: super.kg 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу