Эрнест Бөрүбаев: «Эки жаш тойго кадимкидей урушуп киришти…»

Тойдо таң калтыра турган окуялар абдан көп болот. Аз күн мурун бир тойго тамадалык кылдым. Жаштар сейилдеп саат сегиз жарымда келишип менин тамадалык тажрыйбамдагы эң кеч башталган той ошол болду. «Жар-жар» менен кирип келаткан эки жаш кадимкидей эле тарткылашып, урушуп киришти. Элдин баары таң калып эле карап калышты. Төргө олтургандан кийин да уруштары токтогон жок, ата-нелери сүйлөп атышат, алар урушуп турушат. Уялганымдан жакын барып «тынч олтуруп тургула, той бүткөндө каалашыңарча урушасыңар» -деп араң тынчыттым. Көрсө, жигит достору менен кыздын үйүнө түшкү саат 12де эле барыптыр, кыз жасанып жүрүп саат беште даяр болуптур. Ошентип сейилдегенге убактылары тар болуп ресторанга кечигип келишиптир. Антракттан кийин табышып алышты окшойт, күлүп-жайнап олтуруп калышты.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу