Эрлан Абдылдаев элчилик аркылуу унаа бизнес кылуудабы?

Учурда Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков БУУ жыйынына Түрк аба жолдорунун кадимки эле эл олтурган учагы менен казынаны үнөмдөп учуп кеткен маалда, Бишкекте, Түштүк Кореядагы элчибиз Супер-Инфо гезитинин ээси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги болуп жаткан иштерди жашырбай жар салды.
Малайзия өлкөсүндөгү болуп жаткан чырлуу окуялардын арасындагы ток этээри бул 100 миң доллардык мерседес болгон. Элчинин айтымында ага чейин элчиликтин наамына кымбат баалу унааны бекитип дипломатиялык номурларды кадап, башка, тааныбаган, элчиликке тиешеси жок адамдар айдап жүрүшөт. Кыскасы, бул комбинация аркылуу бажы төлөмдөрүн төмөндөтүп, элчиликке пара берип кымбат унааларды Малайзияга киргизгендей көрүнөт.
Бул маалымат кече күнү чыккан замат, бүгүн жаңы маалымат интернет булактарында тарады. knews агенттиги жазып чыккандай, Кылычбек Султанга тааныбаган бирөөлөр электрондук почта аркылуу кат менен кайрылып, бир топ элчиликтерде Малайзиядагыдай көрүнүчтөр бар дептир. Мисалы ошол эле Москва шаарында 25 кымбат баалуу унаалар биздин элчиликке катталып, бирок баш бирөөлөр айдап жүрүптүр, алардын арасында абдан кымбат спорт унаасы Астон Мартин бар экен. Россиядан тышкары, Пакистан, Индия, Кытай, Англия ж.б., өлкөлөрдө так ушундай коррупциялык көрүнүштөр бар экен. Кыскасы, Атамбаевдин заманында Сапар Исаков аркылуу келген Эрлан Абдылдаев жетектеген ТИМ белчеси эмес, кекиртегине чейин коррупциялык иштерге аралашканы ачык эле көрүнүп калды, эми бул боюнча Эрлан мырза эмне деп актан болду экен…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу