Жээнбеков Абдылдаевдин арызын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин отставкасын кабыл алды.

Мамлекет башчысы бүгүн кол койгон жарлыкка ылайык, ал министрлик кызматтан бошотулду.

Буга чейин Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар тууралуу билдирүү менен чыккан. Президент Сооронбай Жээнбеков анын билдирүүлөрүн текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

Катчылык кечээ өз корутундусун жарыялады. Анда ТИМ системасында мыйзам бузулган учурлар болгону аныкталганы айтылат. Ошол эле учурда Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы да аныкталган.

Бир аз мурдараак Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министр кызматынан кеткенин жарыялады. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү таратып: “Министр болуп алты жыл иштеп, өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арызымды жаздым. Мамлекет башчысы аны кабыл алды. Кызматташтарыма, биринчи кезекте Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине ыраазылык айтам. Мага ишенип, колдогондордун баарына рахмат” деди.

Абдылдаев 52 жашта. Ал министр болуп 2012-жылы дайындалган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу