Эркинди эркек экен десек…

Атамбаевдин жакын адамдары Эркин Мамбеталиев менен Улан Исраиловдун ортосун
кара мышык аралаганын көптөн бери жазып келебиз.
Исраилов көчөдө жүргөн жеринен Мамбеталиев жетелеп келип командасына кошкон
эле. Эми минтип президенттин эң ишенимдүү адамы болуп отурат анысы. Бирок
Исраилов кимдир бирөөнүн тилине кирип Мамбеталиевге тор жайган. Жигиттикке,
адамдыкка жатпаган бир топ туура эмес иштерди жасап жиберген эле. Тилекке каршы
Эркин Мамбеталиев Улан Исраиловдон коркуппу же дагы башка себептери барбы ким
билсин, ортого киши салып, салам дуба айттырып, баш ийип берип жатканы боюнча
кабар алдык. Эркинди эркек экен десе, бу деле жүрөгү жок бирөө турбайбы. Өкүнүчтүү.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу