Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Бөөдө кырсыктан кудай элибизди сактасын”

Казынаны какшыткан коррупция: тамырын чабууга Жээнбековдун бийлигинин алы жетеби? — Казынаны какшыткан же коррупцияга тиешеси бар бирок, токтоп калган кылмыш иштер жанданып, дыкат иликтенип, адилеттүүлүк үчүн кадам ташталат деп ишенсек болобу?

— Адам ар дайым үмүт менен жашап келген. Ошондуктан катылып келген коррупциялык иштер ачылып, сөзсүз күнөөлүүлөр жооп бере турган күн келээрине ишенем. Кыргыз элин, жерин тээ замандан бери сактап келе жаткан табыйгаттын өзүнчө күч бар. Ага далил, ТЭЦте авария болбосо кайдан эл билет эле миллиондогон долларлар желип кеткенин, белгисиз жүк билинип калды самолет кырсыктап (жарандарыбыз бөөдө өлүмгө дуушар болушту, алардын өлүмүнө күнөөлүүлөр табылат), “Кумтөр” мөңгүлөрүбүздү талкалап жатты эле, муздар жылып кампаниянын администрациялык корпусун басып калды. Кыскасы, коррупция боюнча көп далилдер бар. Негизи бөөдө кырсыктан кудай элибизди сактасын!

Булак: «Майдан.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу