Эркек деп жүргөн досум «кызтеке» экен…

Кичинебизден бери чогуу өскөн досумдун жоругу мени таң калтырды. Карапайым эле үй-бүлөнүн балдарыбыз. Жашоонун азап-тозогун жакшы эле көрдүк.

Досум шаарга келгенде өзгөрдү. 2-курста сөйкө тагынды. Бир күнү дене мүчөсүн билгизип тыкыс шымчан келди. Ошондо катуу уруштук. Бара-бара менден алыстап кетти. Айылга барып келели десем болбойт.

Бир жолу жатаканадан студенттер күнүн белгилеп калдык. Карасам, досум менен бир бала сыртка чыгып кетти. Баарыбыз кызып калган болчук. Урушуп кетпесин деп артынан бардым. Коридордо жок экен. Жер төлөө жакка кеткенго деп ылдый түшсөм…

Ошондо досумдун кумса (гей) экенин билдим.

Айылга барган сайын ата-энеси сурайт. Аларга айтайын дейм, бирок, оозум барбайт.

Досумду көргөн сайын сабагым келет. Өзүмдү араң токтотом. Мындай адамдарга кандай мамиле кылуу керек?

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу