Эркектер эмне дейт болду экен: Кинодогудай махабат барбы?

 Мага абдан жакты, мыкты кино болуптур.

— Койчу, болбогон эле кино экен. Аягы ушинтип бүтөөрүн билгем.

— Сен эмне сүйүүгө ишенбейсиңби?

— Турмушта кинодогудай сүйүү жок!

— Дайым ушинтесиң…

Келиңиздер, эркектер экрандагы сүйүү тууралуу эмне дейт болду экенин билип көрөлү.

  • Чыныгы сүйүү бат келбейт. Кинолордо сүйүү көрсөтүлбөйт, ал жакта азгырык жана кумар.
  • Жашоодо атайын бир белгилер жок. Тасмада жылдыздардын дал келишүүсү менен сүйүү башталып кетет. Чыныгы жашоодо асмандан жылдыз учса метеорит эле болуп саналат.
  • Фильмдин аягы бар. Жашоодо ажырашуу же түгөйдүн бирөөсү каза болмоюн “оюн” улана берет.
  • Кинодо сүйүү бурмаланат. Мисалы, жакшы жигит болсоң сени баары сүйүп калат, ал эми чыныгы жашоодо эмнегедир жакшы болсоң деле кыздар карабайт.
  • Жашооодо берип-алып туруу керек. Тасмада баары күлгүн көз айнекчен. Чынында акысыз эч нерсе жок.
  • Кинодо баары идеалдуу. Жашоодо күтүүлөрүң акталбай калса, эмнеге андай эмес деп ызаланасың.
  • Сүйүү тууралуу кинолордо өңү серт адамдар жок. Тасмаларда өң-келбет апыртылып берилет.
  • Кинодогу сүйүү болгону бир сезим. Режиссерлор сүйүү эч качан өчпөйт деп көрсөтүшөт. Жашоодо сүйүү – бул эмгекти талап кылган аракет.
  • Кинодо баары кимдир бирөө менен жүрөт, сүйөт, андан кийин турмушка чыгат. Жашоодо андай эмес.
  • Фильмде сүйүү идеялдаштырып көрсөтүлөт. Чыныгы сүйүү кемчиликсиз эмес. Сиз сүйлөшүүгө, компромисс түзүүгө аракет кылышыңыз керек.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу