Эркектер тийишсе кандай реакция кылуу керек?

Тийишүү, тагыраак айтканда ыдык көрсөтүү (домогательство) биздин коомдо кеңири орун алган жана ага каршы чара көрүлбөйт. Сурамжылоого алынган 1000 аялдардын 92% мага ыдык көрсөтүлгөн деп жооп беришкен.

Психолог Карлыгаш Акимкулова bilesinbi.kg’ге айымдар өздөрүн кантип алып жүрүү керек, жана тийишкен кишиге кандай жооп кайтаруу керек экенин айтып берди.

  • Кандайдыр бир коркунучту сезсеңиз ал жерден дароо кетип калганга (мисалы: маршруткадан түшүп кеткенге) аракет кылыңыз.
  • Кетип калууга мүмкүнчүлүк болбосо, дароо жана кескин жооп кайтаруу керек. “Мага мындай сөздөр жакпайт”, “Мен бул тууралуу сүйлөшкүм келбейт”, “Сиз мага өтө жакын турасыз, бир аз ары болуңуз”. Катуу, так жана ишенимдүү болуу керек. Үнүңүздү акырын чыгарып, же жылмайып айтсаңыз, тийишкен адам сиздин сөзүңүздү тескери кабыл алат.
  • Сизге ыдык көрсөткөн адам менен күнүгө көрүшүүгө аргасыз болсоңуз (мектептен, жумуштан) жалгыз жүрбөгүлө. Курбуңузду же жакын кесиптешиңизди жаныңызда болуусун сурангыла.
  • Телефон чалууларына, смс, ватсап билдирүүлөрүнө жооп кайтарбагыла. Тийишкен адамдын номерин кара тизмекке киргизип койгула.
  • Болбосо, бардык сүйлөшүүлөрдү жаздырып, смс билдирүүлөрүн сактап койгула. Ыдык көрсөткөн ар бир фактыны жазып алгыла. Кийин далил катары пайдасы тиет.
  • Жакындарыңардан жардам сурагыла. Атаңыз, байкеңиз, досуңуз, мугалимиңиз жана башкаларга кайрылгыла. Абалды түшүндүрүп берип биргеликте чара көргүлө.
  • Башкалар эмне деген ойдо калат, деп бул көйгөйдү көнүл жаздымда калтырбагыла. Убагында реакция кылбасаңыз аягы зордук менен аяктайт.

Урматтуу айымдар, өзүңөрдү таарынтууга, жол бербегиле! Кичинекей кыздарыңарды да ушуга үйрөткүлө! “Сенин денеңе бир да адамдын кол тийгизүүсүнө акысы жок. Бирөө сага тийишсе, сөзсүз мага айт. Мен ар дайым сен тарапта болом. Мен сени коргойм, деп үйрөткүлө.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу