Эркектер менен аялдардын психологиясы…

Аялдар менен эркектердин психологиялык жактан айырмачылыгы өтө көп. Турмуш, күнүмдүк тиричилик, кайгы-капа, кубаныч менен шаттык алардын психологиясына ар түрдүү таасир этет. Психологдордун изилдөөсүнө кулак түрүп көрсөк:

Сүйүп калуу: 50 пайыз эркектер алгачкы кездешүүдө эле жактырып калат экен, ал эми 25 пайыз аялдар 4 жолу кездешкенден кийин гана жактырышат.

Достукта: Мырзалар балалык чактан баштап достошот экен. Аялдар орто жаштан ашкандан кийин гана дос күтөт.

Никеден кейинки турмуш: Никеси бар мырзалардын турмуш-тиричиликтин бактылуу сезими бойдок жигиттерге карганда эки эсе жогору болот. Ал эми аялдар көбүнчө кыз кезинде өздөрүн бактылуу сезишет.

Бийлик-башкаруу: Окуучулук кезде эркек балдар кыздарга караганда башкарып, бийлик жүргүзүүгө жакын келишет. Жашы өйдөлөгөн сайын бул мүнөзү артка чегинет. Үйлөнгөндөн кийин аялдар бийлик жүргүзө башташат.

Кылмышты токтотуу: Кылмышкер, ууруга же башка дагы коркунучка кабылганда, өзгөчө бала-чакасына коркунуч туулганда каршылык көрсөткөн аялдар мырзаларга караганда 25 пайызга көп.

Чечим чыгаруу жана чыдамкайлуулук: Аялдардын чечим чыгаруусу жана бир чечимге келүүсү эркектерге караганда алда кайда тез болот. Аялдар ачкачылыкка, чөлгө ошондой эле руханий жактан кысымга да чыдамкай келишет.

Кайгы: Эркектер кайгырганда көз жашы акпай карегинде толуп турат. Ал эми аялдар ыйлаганда жана өксүгөндө тамагы бүтүп калат.

Ооруп калганда: Узак жыл өнөкөт, бирок билинбеген оорусу бар эркектер аялдарга караганда көп болот. Уйкусуздукка чалдыккан эркектердин саны аялдардан эки эсе көп. Аялдар бул жакта да чыдамкай келишет.

Картаюу: Эркектердин биологиялык саатынын жүрүшү аялдардыкынан узак. Чеке, бет сөөктөрү аялдарга караганда чымыр, терилери калың, бырыштын сызыктары аз болгондуктан, жаш көрүнүшөт. Ал эми аялдардын түйшүгү, үй-бүлө, күйөө деген убайымы көп болгондуктан, алардын биологиялык саатынын жүрүшү тез жана кыска болот. Аялдардын эрте картаюусу ошондон.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу