Эркектер кандай аялдан кете албайт?

Үй-бүлөлүк жашоодо аял табышмактуу болушу зарыл. Эркектер жөнөкөй, бир сырдуу жана жагымдуу жүрүш-турушу менен күйөөсүн кызыктырып турган аялдан кете албасын психологтор айтып келишет. Эмесе, төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз!

Ар бир нерсеге өзүнүн жеке көз карашы бар жана өз оюн ачык айта алган аялдан…

Канчалык чечкиндүү жана күчтүү эркек болбосун, ал, аялдын кеңешине муктаж болот. Түгөйүнө керектүү жерде жарактуу кеңеш берген аялды эркек дайыма сыйлайт. Андыктан, «эркек өзү чечсин» деп коё бербей, анча-мынча кеңеш берип туруу туура эле көрүнүш экен.

Өзүн сыйлаган аялдан…

Кандай жагдай болбосун аял өзүн кемсинтүүгө жол бербеши керек. Ал үчүн өзүнө ишениши керек! Ишенимдүү кадам таштаган аялга баары кызыгаары анык кеп. Көпчүлүктүн арасында өзүн алып алып жүрүү маданияты жогору жана жүрүш-турушу менен айланасындагыларды өзүн сыйлоого мажбурлаган аялдан кол үзүү, эркектер үчүн кыйын дешет.

Комплиментти жылуу кабыл алып, түгөйүнө да жагымдуу сөз айта билген…

Аялдын, “Эркектер көзү менен сүйөт” деп эле жасангандан башка эркекке карата жагымдуу сөзү болбосо, бул да үй-бүлөлүк жашоону тумандатат тура… “Сен кыйынсың, сен бар үчүн дүйнөм түгөл, сенин эмгекчилдигиң менен жакшы жашап жатабыз” деген сыяктуу комплименттерди айта билген жана эркек айткан комплименттерди жылуу кабыл алган аялды эркектер эч кимге алмаштыргысы келбегенин адистер айтып келишет.

Ийгиликтүү аялдан…

Аялга тиешелүү болгон милдеттердин баарын аткаргандан сырткары, ар бир ишти акыл калчап жасай билген аялды көпчүлүк эркектер самашат. Шамдагай болуп, үйдө да, эшикте да баарына жетишкен аялдан эркек кете албайт.

Келбетине кам көрүп, өзүн тыкан алып жүргөн…

Дайыма өзүн таза, тыкан алып жүргөн айымдар сулуу, сүйкүмдүү көрүнүшөт. Сулуулук жүрөктө деп, сырткы келбетке кам көрбөй коюу туура эмес көрүнүш. Аялдардын дайыма жарашыктуу кийинип жүрүүсү бул – түгөйүнүн көңүлүн башкаларга бурдурбоочу негизги куралы.

Булак: GEZIT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу