ЭРКЕКТЕРДИ КАЧЫРГАН АЯЛДАРДЫН 6 ТҮРҮ

Идеалдык мамилелерде, айымдар эркекке өзүнүн жакшы гана жактарын көрсөтөт. Бирок
реалдык мамилелерде эки жагын тең көрсөтүүгө туура келет: жакшы жана жаман
жактарын.
Бул түшүнүктүу дечи. Бирөө менен жашоо, бюджетиң менен туалетиңди бөлүшүү, күндө
көрүшүү – өз ишин кылат. Ошондуктан 100% убагыңда 100% идеалду болуу оңой эмес

Эркек аялдардын кайсы жүрүм турумунан качат?

1. Аял баарын өз колуна алып баштаса

Ал баарын көзөмөлгөлгө алганга аракет калат, эркекти “ордуна” коюп, өзүн
“көйгөй чечкич” катары көрөт. Дайым эркекке эмне кылышты айтып, ага
көрсөтмө берип турганы туура эмес – бул эркекти кыжырлантат.
Эркекти көзөмөлдөйм деп атып, анын эркектик абийирине шек келтирет

2. Аял өзүн эркектин энесиндей алып жүрсө

Мындай айым эркекти аябай жакшы көрөт, тегеректеп, дайым тынчсызданып,
кандай костюм менен байпак кийишин тандап бергенге чейин барат. Эне-аял
мамиледе бардыгын өз мойнуна алып, мамилелердин калыптанышы анын
мойнунда экенине толук ишенет. Ал дайым мен кылган жакшы деп эсептейт.
Негизги көйгөйлөр: биринчиден, эркек каршылак көрсөтөт, бала ата-ненин
өзгөчө камкордугунк каршы болгондой. Экинчиден, эркекке жаш баладай
мамиле кылса, кантип жаксын.

3. Качан аял биринчи орунга сексуалдуулукту койсо

Секстин арты менен эркекти колдонгондо, эркек акырын оолактай баштайт.
“Эгер секс керек болсо, мага керек нерсени кылыш керек” деген жаңылыш
ойду алып жүрөт. Мындай мамиле көпкө созулбайт, өзгөчө бул шантаж болсо

4. Дайым жапа чегүүчү айым

Негизи жомоктогудай жакшы сценарий: эркек айымын жолуктуруп, аны
куткарат, жыйынтыгында бакыбаттуу карылык кечиришет.
Романтика, бирок бул көпкө созулбайт. Эгер айымды дайым куткаруу керек
болсо, бул эркекти чарчатат дагы тажатат. Ага жөндөмдүүлүгү жок айымдын
кереги жок.

5. Эгер аял эрккекке кыйшалаңдап тийишип, бирок жанына
жолотпосо

Кеп сексте эмес, мамиленин бардыгында. Башында кызык болот, бирок
акырындан кыжырлантып баштайт. Себеби, мындай жүрүм-турум адамдарды
жакындатпайт, эркек өзүн канааттанбагандай сезет, аял – жалгыздыкты.

6. Качан аял өзүн принцесса сезсе

Ал эркектер аны сүйүп жана аны менен сыймыктанышын каалайт. Эркектерге
трофей (олжо) болгусу келет. Ошону менен ал өзүн бакыттан ажыратат,
чыныгы таза мамиледен кол жууйт.

Чындыгында, ар бир айым анда-санда жогорку сценарийлердин бирөөсүн
колдонуп жүрөт (эркектер деле ушундай). Бирок бул адатка айланып баштаса,
анда тез арада токтотуш керек. Бул жакшылык менен бүтпөйт.

Булак: anan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу