ЭРКЕКТЕРДИН ТУКУМСУЗДУГУ. СЕБЕПТЕРИ ЭМНЕДЕ?

Редакциябызга аялдардын тукумсуздугу жаатындагы гана эмес, “эркектердин тукумсуздугу эмнеден келип чыгат?” деген маанидеги суроолор да көп түшүүдө. Алардын экөөнү төмөндө жарыялап, бул темага кенен кайрылмакчыбыз.


– Биздин баш кошконубузга 6 жыл болсо да, балалуу боло албай койдук. Кайын журтум күнөөнү мага коюп, “туубас” атка кондуруп, бизди ажыраштырууга аракет кыла башташты. Мен текшерилсем төрөөгө жөндөмдүү, эч оорум жок болуп чыккам. Демек, айып күйөөмдө. Бирок күйөөм “менин оорум жок, текшерилбейм” деп жатат. Мен ажырашууну каалабайм. Эркекте тукумсуздук эмнеден болорун, биз кандай жол менен балалуу болорубузга мүмкүн экендигин айтып коёсуздарбы…

Гүкү, 29 жашта, Ош

– Биз күйөөм экөөбүз 4 жыл жашап, бала көргөн жокпуз. Жолдошум 32 жашта. Врачтарга барсак экөөбүздү тең текшерүүдөн өткөрүшкөн соң күйөөмө “тукумсуздук” диагнозун коюшту. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Балалуу болууга бизде эч мүмкүнчүлүк жокпу?

Зульфия, 25 жашта, Токмок

Кыргызстанда баласыз үй-бүлөлөрдүн 45 пайызында маселе эркектерде, башкача айтканда, алардын тукумсуздугунда жатат. Эркектердин тукумсуздугу – бул 1 жыл бою жыныстык жашоодо такай жана сактанбай (бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонбой) жашаганга карабастан бойго бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу. Ошол эле кезде аялдын ден соолугу жайында жана төрөөгө жөндөмдүү болсо. Кептин баары эркектин сексуалдуулугунда эмес, уруктугунун саны менен сапатында. Эркек балакатка жеткенден тартып анын организминде ар секунд сайын миңден ашык сперматозоиддер иштелип чыгып турат. Мунун баары сперматозоиддердин эң күлүгү аялдын жумурткасына биринчилерден болуп жетип, аны уруктандыруу үчүн жасалган аракет. Антсе да оору түрлөрү, жагымсыз факторлор бул процессти бүлгүнгө учуратат. Натыйжада эркектин тукумсуздугу жаралат.

ТҮРЛӨРҮ ЖАНА СЕБЕПТЕРИ

Тукумсуздуктун тубаса жана кийин пайда болгон түрлөрү бар.

Тубаса түрү.

1-себеби – аномалиялар (крипторхизм, монорхизм оорулары). Крипторхизм – эркектин жыныстык безинин урук калтасында болбой калышы (жыныстык без урук каналында же ич көңдөйдө жайгашып калат да, дененин жылуулугунун айынан спермалар зыян тартат).

Монорхизм – урук безинин биринин тубаса жоктугу.

2-себеби – тукум куучулук. Жакын туугандар бири-бирине баш кошкондо ген мутация болот да, зыянын балдар тартат.

3-себеби – асперматизм (урук суюктугунун жоктугу).

Кийин пайда болгон түрү

1. Жыныстык жактан жугуучу инфекциялык оорулар (трихомониаз, хламидиоз, уреаплазмоз, микоплазмоз, сифилис, гонорея, везикулит). Булар урук калтасындагы урук безди сезгендирип, дарылабаса тукумсуздукка жеткириши мүмкүн.

2. Варикоцеле (урук безинин вена тамырынын кеңейиши. Вена кеңейгенде урук бези шишип, чоңоёт жана урук безиндеги температура көтөрүлүп, сперматозоиддердин иштелип чыгуусунун бузулуусу).

3. Системдик оорулар (кургак учук, боордун циррозу, дем алуу жолдорунун өнөкөт оорулары, кант диабети, бруцеллёз, тепме (паротит)).

4. Сезгенүүлөр (простатит, уретрит жана башка).

5. Жука чурайдын грыжасына, табарсыкка жасалган операциялар.

6. Нур жана химиялык дарылоо, антибиотиктерди көп колдонуу.

7. Гормоналдык бузулуулар (тестостерондун жетишсиздиги, мунун натыйжасында эрекция жана сперматозоиддердин иштелип чыгуусу бузулат).

8. Жыныстык жашоого эрте аралашуу, импотенция.

9. Алкоголдук ичимдиктерди көп ичүү, тамекини көп чегүү, баңгизаттарын колдонуу.

10. Радиация.

11. Жыныстык органдардагы жаракаттар.

12. Химиялык каражаттар менен өстүрүлгөн жашылчаларды, даам, жыт берүүчү кошулмалар кошулган тамак-аштарды, суусундуктарды көп ичүү.

13. Дайыма газ, бензин, солярка сатып иштөө.

14. Стресстерге көп кабылуу.

15. Витаминдердин жана цинктин жетишсиздиги.

ДИАГНОЗ КОЮУ

1. Врачтын текшерүүсү

2. Спермограмма (урук клеткаларынын бар же жок экендиги, ошондой эле алардын кыймылдуулугу текшерилет)

3. УЗИ

4. Гормондорго анализ

5. Жыныстык жактан жугуучу оорулардын бар же жок экендигин аныктоо үчүн анализ

ДАРЫЛОО

Консервативдүү дарылоо.

  • Тукумсуздукка жеткирген себептерди таап, ошого жараша дары-дармек берилет. Мисалы, сезгенүүдөн улам болуп жатса антибиотиктер, гормоналдык бузулуулардан улам болсо аны калыпка келтирүүчү каражаттар, жыныстык жактан жугуучу оорудан болсо оору козгогучтарды жок кылуучу дарылар.
  • Хирургиялык жол. Эгер варикоцеле оорусу болсо, анда лапароскопия ыкмасы менен операция жасалат, тубаса аномалия болсо хирургиялык коррекция жүргүзүлөт жана башка.

    БАЛАЛУУ БОЛУУ ЫКМАЛАРЫ

• Жасалма уруктандыруу.

Күйөөсүнүн же донордун спермасын аялдын жыныс кынына же жатынына атайын аспап менен салуу. Бул ыкма тирүү кыймылдуу сперматозоиддердин саны аз экендигине карабай колдонулат.

• Экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО) же жасалма бойго бүтүрүү.

Аялдын жана эркектин уруктугу өз-өзүнчө алынып, ичинде атайын суюктугу бар пробиркага салынат. Уруктанган клеткалардан түйүлдүктөр жаралат. Түйүлдүктөр инкубатордо кармалып, аларга 3 же 5 күн болгондон кийин түйүлдүктүн бир нечеси (адатта 2-3) аялдын жатынына катетер менен жайгаштырылат. Алар жатынга жабышып, андан ары жашап кетиши зарыл. Бул ыкма эркектин уруктугунда жок дегенде 10-20 тирүү сперматозоид болгон учурда колдонулат.

“ТӨШӨК ОЮНУНАН КИЙИН АЛИГИМДИН АЛДЫ «ЗЫРП» ДЕЙ ТҮШӨТ”

– Төшөк оюнун бүтүп, уруктугум аккандан кийин алигимдин алды жагы «зырп» дей түшөт. Мындай учурда башым да ооруп чыгат. Мурун мындайы жок болчу, кийин эле пайда болду. Бул эмнеден болушу мүмкүн?

Аскар, 42 жашта, Кант

– Жыныс мүчөнүн алды жагы эмнеден улам зырпылдап кетерин аныктоо үчүн урологго көрүнүңүз. Ал эми жыныстык катнаштан кийин баштын оорушуна келсек, айрым окумуштуулар жыныстык катнаш учурунда артериалдык кан басымдын жогорулоосунан же шакыйдан болушу мүмкүн дейт. Кыскасы, так аныктала элек. Сизге терапевтке көрүнүп, текшерилүүнү сунуштайм.

“ТООДОН КУЛАГАНДАН БЕРИ ТАБАРСЫГЫМ ООРУЙТ”

– Пикникке чыкканыбызда тоодон кулап кеткем. Ошондо жамбашым менен кошо табарсыгым ооруп калган. Азыр жамбашымдын ооруганы билинбей калганы менен, табарсыгым дале ооруп жүрөт. Дарыланбаса бул кооптуубу? Тааныштарым “табарсыгыңдагы оору бөйрөгүңө да жайылып кетиши мүмкүн” дешүүдө.

Адилет, 35 жашта, Бишкек

– Сиз урологго жана травматологго көрүнүп, текшерилүүңүз керек. Уролог диагноз коюу үчүн УЗИден өтүүнү, заара анализин тапшырууну жана башкаларды сунуштайт. Травматолог рентгенография сыяктуу текшерүүдөн өткөрөт. Диагноз изилдөөлөрдүн жыйынтыгына карап коюлат жана ошого жараша дарылоо жүргүзүлөт. Уролог консервативдүү дарылоону же операцияны сунушташы мүмкүн. Эгер дарылабасаңыз, ооруну козгогучтар табарсыктан заара чыгаруучу түтүкчөлөр менен барып бөйрөктү да сезгендирип, оорутары анык.

Канымжан Усупбекова
БУЛАК: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу