Эркектерге алты кеңеш…

1. Аялзат – акчаны жакшы көрөт. Акча берсең, өзү менен өзү дүкөн аралап кетет десеңиз, жаңылышасыз. Жарыңызга эң алгач эле сиз керексиз. Сиз менен жасаган сейилдөөлөрдөн аял канааттанат. Сиз — эң биринчи психолог кеңешчисиз.

Сиздин чөнтөгүңүздөгү каражат менен кийим алган учурда да, сиздин тандооңузга жарашыктуу тандаарын эстен чыгарбаңыз.

2. Убакытты бирге өткөрүүгө аракет кылыңыз. Жарыңызга ашкере мактап жана катуу айтып көңүлүн ооруткандан алыс болуңуз.

3. Ар дайым чындыкты айтып жана мээримдүү сүйлөңүз. Аял –кулак менен сүйөөрүн унутпаңыз. Кээде, жубайыңыз үчүн жан ооруткан нерсе сиздин сөзүңүз болушу мүмкүн.

4. Жумуштун маселесин эч качан үй-бүлөлүк маселе менен аралаштырбаңыз. Анткени сиздин жумуштагы көйгөйлөрүңүздөн үйдөгү жайлуулук менен жылуулук атмосферасы бузулушу мүмкүн.

5. Жумуштан эрте кайтып келүүгө аракет кылып, аялыңыздын кыялы менен калоосуна көңүл бөлүүнү адатка айландырыңыз. Аялыңыздын психикасынын жакшы болуп жана нервинин жукарбашын каалабасаңыз, кыялы менен каалоосун угуп, колдоо көрсөтүңүз. Аял киши — кыялы менен каалоосуна жетүүгө сизден жардам күтөт.

6. Жыйырма беш менен кырк беш жаш аралыгындагы аялдарды түнкү убакта жалгыз калтыруу — стресске киришет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу