Эркектен аялга айланган казак трансвеститине кызыккандар көп

Асе Асеева жөнүндө карапайым эл көп биле бербесе керек. Анткени ал көбүнчө кечки
жабык кечелерге, шоу программаларга катышат жана андай кечелерде ал эркектердин көңүл борборунда болот деп жазат нур.кз булагы.

Казакстандагы эң алгачкы эркектен аялга айланган трансвестит буга чейин берген
маегинде: «1991-жылы телеканалдардан трансвестит жөнүндө кино көрүп, ошондон кийин мен аялдын образында актриса болууну кыялдангам, бирок бала кезимден эле искусство
адамы болгум келчү » -деген.

Асенин чыныгы атын анын жакындарынан башка эч ким билбейт. Ал «Өзүмдү  жашоодо чыныгы
эркек катары эсептейм, аялдын образын аткаруу менин актёрлук талантым деп эсептейм»-
дейт трансвестит.

 

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу