Эркектен «ажарлуу айымга» айланган кыздар

Сулуулук – бул чыны менен эле коркунучтуу күч. Көпчүлүк адамдар сулуу болуу, журналдардагы моделдерге окшошуу үчүн кандай гана курмандыктарга барышпайт. Айрымдары диета кармаса, кээ бирөөлөр келбеттүү көрүнүү үчүн спорттук машыгууларды жасап турушат. Ал турсун, сулуулук үчүн ашыкча салмактан эле эмес, табияттан берилген жыныстык органдарын алмаштырган адамдар дагы бар. Мына бул сүрөттөгү адамдар өздөрүнүн жыныстык мүчөлөрүн алмаштырып, эркектен ажарлуу айымга айлангандар. Жыныстык мүчөнү алмаштыруу боюнча операциялар мындан бир нече жыл илгери такыр мүмкүн эмес жана тыюу дагы салынган болчу. Азыр болсо медициналык техника катуу өнүгүп, адамдардын көбү кыялындагы операцияларды жасатып жаткан учур.

Клаудия Чарриез

Клаудия Чарриездин дене мүчөсү, сулуу жүзү, көкүрөгүн көрүп туруп, анын мурун эркек болгонун элестетүү кыйын. Клаудия дүйнөдөгү ийгиликтүү транссексуал моделдердин бири.

Нонг Пой

Анын чыныгы ысымы Тришата Петчарат. Моделдик ишкерлик менен алектенген Нонг Пой «Тиффани сулуусу» сынагын жеӊип алган. Ошондой эле ал бир нече тасмаларга тартылган. Ал аялга айлана элегинде, өзүнүн жыныс органдарынан аябай жийиркенгенин, кийин аны алмаштыргандан кийин өзүн толук кандуу адам катары сезип калганын айткан.

Трикси Маристела

Трикси Маристела 2015-жылы «Miss International Queen» титулу налган. Ал бир нече телешоуларда, тасмаларга тартылган, 2014-жылы «Super Eight Bulaga’s Super Sireyna Worldwide» сынагын жеӊген, 2015-жылы «Гай Манила сулуусу» сынагында алгачкы трансгендердик жеӊүүчү аталган. Башкалар сыяктуу Трикси дагы бала кезинде руханий жактан жапа чегип, өзүнүн денесин кабыл алчу эмес.

Булак: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу