“Эркектей болуп кадимки жашоону жашагым келет…”

28 жаштагы Актөбөдөгү Шалкар айылынын тургуну аны кантип бир канча ирет зордукташканын, эмнеден улам жанын кыйгысы келгенин айтып, арманы менен бөлүшкөн. Бул тууралуу “Диапазон” жазып чыккан.

Бала чактан бери Кадырбай жалаң кыздар менен ойноп, балдар менен чогуу жүргөндү жактырчу эмес. Ал: “Балдар мага тийишишип, шылдыңдашчу. Бизди кичинекей кезибизден муштумга муштум менен жооп берүүнү үйрөтүшкөн. Эгер бирөө мушташууну каалабаса, аны менен балдар достошпойт. Анын жакшы бала же акылдуу болушу эч кимди кызыктырчу да эмес”- деп эскерет.

Кичинекей Кадырбайдын үнү “кыздардыкындай”, эриндери жапырайган болгондуктан, өзүн ыйңгайсыз сезип, кысылып турчу. Мектептен үйгө келгенде, дароо эле эски жайына суусундуктарды сатып, соода кылуу үчүн кетип калчу.

7-класс учурунда белгисиз балдар бычак сайышып, ээн талаага алып барышып, зордуктап салышат. Ошол кезде өз жанын кыюуну каалаган баланы чоң энеси эптеп куткарып калат. Бул окуядан соң ага мектептин психологдору да, милиция кызматкерлери да жардам берүүдөн баш тартышат. Аягында баарын унутууга бел байлап, Алматыга жумуш таап иштөө үчүн кетип калат.

Бирок, ал жакта да аны эч ким эркек катары кабылдабагандыктан, акча үчүн эркектер менен жолугуп, алардын көңүлүн ачып баштайт. Ал башкаларга ушундай сыяктуу көйгөйлөрдөн арылууга жардам берет, мисалы жада калса сойкуларга чейин бул иш менен алектенүү жаман экенин түшүндүрүүгө аракет кылган, бирок Кадырбайдын өзүн эч ким куткарган жок. Чоңойгондо ата-энеси аны багып алганын билди.

25 жашында аны кайра зордуктап, топ эркектер машинага сүйрөп алып барышып, уруп салышкан. Айласы түгөнгөндүктөн, милициялардан аны шаар сыртына, ээн таалага алып барып таштоосун суранып, ошол жакта жан берип биротоло бул азаптан кутулууну каалаган.

“Мен баарын унуткум келет. Мүмкүн болсо, унутуу үчүн гипнозго кабылгым келет. Мен да эл сыяктуу кадимки, жөнөкөй жашоону жашагым келет, бирок мага, мени колдоп-сүйөгөн бирөө жетишпей тургандай. Мен азыр чоң ташка такалып калган арабанын дөңгөлөгү сыяктуумун. Мени колдоп, алдыга умтултуп, түртө турган бирөө болсо, андан аркысын өзүм улап, эрк жаралып, өзүмө деген ишенич пайда болмок.”

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу