Эркеайым Абдуллаева, модель: «Көп кыздар Инстаграмдан “мен да сиздей сулуу болгум келет” деп жазышат»

Жаш ырчылардын клиптеринде, Инстаграм айдыңында модель Эркеайым Абдуллаеванын жүзүн көп  көрө баштадык. Эркеайым моделдик менен гана чектелбестен, жаш жеке тикер катары да тынымсыз иштеп жүргөн чагы. Дегеним, учурда Эркеайым жеке сулуулук салонун, саркеч кийимдер сатылган дүкөнүнүн ишин алдыга сүйрөп жаткан чагы экен. Жаш болсо да замандын талабына ылайык өтө тырышчаак Эркеайым ийгилигинин сырлары менен бөлүштү.

– Эркеайым, сени көп клиптерден көрүп жатабыз. Бул чөйрөгө келип калууңдун себебин айтсаң?

– 2013-жылы Нурлан Насиптин “Менин да сүйүүм ушундай” деген ырынын клибине тартылгам. Ошол клип мени көпчүлүккө таанытты. Болгону 4 эле клипке тартылгам, бирок баары эле клипке көп тартыласың дешет, көп болуп көрүнөт окшойт. Анын үстүнө өзүм ырчылар менен жакын мамиледемин, ошол себептен тартылып бер деп чакырышат.

– Модель катары канчадан бери эмгек кыласың?

– Чынын айтсам, мен өзүмдү укмуш модель катары эсептебейм. Оебеби бул менин жөн гана хоббим болчу. Биринчи-экинчи курстарда окуп жүргөндө “Stylish.kg” сайтынын директору Камила Орозалиева мени кайсы бир жеке фирманын жүзү болуп бер деп чакырып калган. Ал кезде модель абдан аз болчу. Азыр ар бир экинчи кыз эле фотомодель болуп калбадыбы. Модель катары ошол фирманын жарнамаларынан кийин мени баамдап, башкалар да байма-бай чакыра башташты.

– Ар бир чакырган жарнама берүүчүгө атайын баа менен тартыласыңбы?

– Ооба, азыр белгилүү бир ставкам бар. Башында тартылып жатканыма сүйүнүп, бекер эле тартылган күндөрүм да болгон. Азыр болсо мээнетибизге акча алып калдык.

– Жеке сулуулук салонуңда отурабыз. Ачылышы менен куттуктайм, мындан сырткары кийим саткан дүкөнүң да бар экен, булардын баарын ачууга ири сумма кетет экени бардыгына маалым, сага ким көмөктөшөт? Буларды ачууңа моделдик кылууң себепкер болсо керек?

– Көп кыздар социалдык тармактардан “Мен да сиздей сулуу болгум келет” – деп жазышат. Мына ошондой кыздардын пикиринен улам алардын сулуу болуусуна шарт түзүп, атайын студия ачууну ойлодум. Кыздарга жакшы мүмкүнчүлүк түзө алдым деген ойдомун. Бир жылдан бери сулуулук жаратып, кыздардын ажарын ачуудабыз. Эң алгачкы ачып иштете баштаганда ишим жакшы жүрүшпөй, ортодо тыныгуу алгам. Жаздан баштап жакшы иштеп жатам. Ал эми борбордон имарат алып иштетүүгө ата-энем колдоо көрсөткөн. Чынын айтсам, студияма көп деле каражат сарпталган жок. Өзүн-өзү актай алды десем болот. Тек гана башталганда бардык жабдууларды алууга ата-энем колдоо көрсөттү.

– Салон ачуу үчүн сөзсүз сулуулук жаратуучусу болуу кажетпи, дегеним, сен макияж, чач, кирпик же дагы башка нерсе жасайсыңбы?

– Бардыгын үйрөнүп көрдүм, бирок колумдан эч нерсе келбей койду. (күлүп) Апам да мени кээде ачуусу келгенде “Колуңдан эч нерсе келбейт” – деп урушаар эле. Ошол себептен атайын чеберлерди алып иштетип жатам. Менин кыздарым абдан тажрыйбалуу, тырышчаак, өз ишинин чебери десем жаңылышпайм.

– Азыр Бишкекте салон, кийим сатуучу дүкөндөн көп нерсе жок. Атаандаштык да ошончо болсо керек?

– Туура айтасыз, чынында кадам сайын салон, дүкөн көбөйдү. Бирок алар канча көп болсо, ошончосунун ар бирине тиешелүү ырыскысы бар. Элге берген ырыскыдан Кудай бизди да куру калтырган жок. Азыр социалдык тармактар жарнама үчүн мыкты жардамчы болуп жатпайбы. Көпчүлүк кардарларым “Инстаграм” аркылуу келишет. Алардын арасында жеке эле менин катталуучуларым эмес, мени жарнама кылып бергиле деп суранган жылдыздардын да катталуучулары бар.

-Тасмага тартылуу сунушу түштү беле?

– Ооба түшкөн, азыр дагы түшүп жатат. Жакында эле сунуш кылынган фильм Москва шаарында тартылат экен. Ал жакка барууга ата-энем каршы болушууда. Бирок гонорары жакшы экен. Жакшылап ойлонуп көрөм го.

– Актёрдук профессионалдуу билим алгың келеби же алдың беле?

– Университетте окуп жүргөндө “актёрдук чеберчилик” курсуна барчумун. Өзүмдү мыкты актрисамын деп эсептей албайм. Актрисалык кесибим дагы жөн гана хобби. Буюрса өзүмдүн кесибим менен иштейин деген тилегим бар.

– Өзүңдүн кесибиң тууралуу дагы айта кетсең?

– Мен Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөм. Кесибим боюнча юристмин. Окууну аяктагандан кийин жарым жылдай өзүмдүн кесибим менен иштеп көрдүм. Бирок мындай графикте азырынча иштей албастыгымды билип, жеке иштер менен алек болууга өтүп кеттим. Өз алдынча иштөө канчалык пайдалуу болгону менен баары бир мен өзүмдү мамлекеттик кызматтан көрө алам.

– Атактуу болгон кандай экен?

– Өзүмдү өтө деле атактуумун деп ойлобойм. Бирок көчөдө таанып калып сүрөткө түшкөндөр бар. Ошондуктан дайыма жакшы кийинип, өзүмдү жакшы алып жүрүүгө аракет кылам. Анткени бир жолу шашып, күнүмдүк эле кийимим менен коомдук транспорт менен университетке кетип бара жаткам. Мени бир кыз сүрөткө тартып алып, “Инстаграмдагы” жеке кат куржунума “Көрсө сен жашоодо жүдөмүш эле кыз турбайсыңбы?” – деп жазган. Ошол окуядан кийин ар дайым өзүмдү жакшы карап калдым.

– Анан коомдук транспорттон да баш тарткан жоксунбу?

– Жок, баш тарткан жокмун. Бирок унаа айдаганды билем. Мурда жеке унаам бар эле, азырынча шартка байланыштуу айдай элекмин.

– Сендей модель болгусу келген, бул чөйрөгө келе албай жүргөн кыздарга кандай кеңеш бересиң?

– Бул чөйрөдө убактылуу гана алектенип жатам. Көп кыздар модель болууга, клиптерге тартылууга абдан кызыгышат. Айрымдары кесип катары дагы көрүшөт экен. Мен моделдикти кесип катары эсептебейм. Анткени бул тармакта эмгектенүү жеке жашооңо өтө терс таасирин тийгизет экен. Клиптерге тартылсаң эле көпчүлүк сени жеңил ойлуу кыз катары кабыл алышат экен.

– Эми жеке жашооң тууралуу айта кетсең, колуңду сураган жигиттер көп болсо керек?

– Колумду сураган жигиттер көп деп айта албайм.

-Демек жүрөгүң бош?

– Бул менин жеке сырым бойдон калсынчы.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу