Эрин кургаса эмне кылыш керек?

Кыш мезгилинде эрин тез кургай берет. Жарылып да кетет жана мындай эринди помаданын өзү жашыра албайт. Тескерисинче эрин ого бетер кесилип кетет. Мындай жагдайда эмне кылыш керек? Кеңештерибизге көңүл буруңуз.

1. Эриниңизди тилиңиз менен жалай бербеңиз. Себеби мындан суук мезгилде эринииңиз кургап, жарылып кетиши мүмкүн. Бул адаттын ордуна эриниңизге гигиеналык помада сүйкөңүз.

2. Жылуу үйдөн суукка чыкканда аба температурасынын өзгөрүшү да эринге катуу таасир берет. Ошол себептен эрин терисин коргогон крем сүйкөп чыгыңыз.

2. Эрин терисинин кургашына туура тамактанбоо да таасир берет. Түрдүү азыктарга аллергия бериши мүмкүн. Ага да көңүл буруңуз. Ачуу мурч, мурчу көп, кычкыл тамактан баш тартыңыз.

4. Көбүрөк суу ичиңиз. Организмде суунун жетишпегени эриндин кургашына таасир берет. Ошондуктан күнүнө аз дегенде 1,5 литр суу ичиңиз.

БУЛАК:zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу