Эрдогандын тыгында калышына байланыштуу күч кызматкерлери иштен алынды

Түркия президентинин жубайы Эмине Эрдоган Кыргызстандан кайтып жаткан кезде унаа тыгынында калганына байланыштуу Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине тартиптик чара көрүлдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ички иликтөөнүн жыйынтыгында күч кызматкерлери милдеттерин толук аткарбаганы аныкталган.

Министрдин буйругу менен Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысына катуу сөгүш берилди. Ысык-Көл облустук Жол кыймылын көзөмөлдөө жана административдик чара көрүү бөлүмүнүн жетекчиси иштен алынды. Башкармалыкка караштуу Жол кыймылын көзөмөлдөө жана административдик чара көрүү бөлүмүнүн жетекчисинин орунбасары, Ысык-Көл облустук Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орунбасары да кызматтан бошотулду. Ысык-Көл Ички иштер башкармалыгынын жетекчисине эскертүү берилди. Андан тышкары, Нарын облустук, Түп райондук Ички иштер бөлүмдөрүндө иштеген эки кызматкер да эскертүү алды.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жубайынын коштоосунда Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен 1-3-сентябрда келген. Алар Ысык-Көл облусунда Көчмөндөр оюндарын да көрүшкөн. Эмине Эрдоган Кырчынга 3-сентябрда барган. Жайлоодон кайтып келатканда жолдо тыгында көпкө кармалып, Тамчы айылындагы аэропортто аны Режеп Тайып Эрдоган бир жарым сааттай күтүп калганы кабарланган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу