Эптеп-септеген Эгембердиеванын таалайы таштан чоң экен

Жумагүл Эгембердиева деген аткаминер аял бар. Акыркы кездерде элдин оозун ачырып, чу дегенде эле Жалал­Абадка губернатаор боло калып, иштей албай элден катуу сын уккан. Андан соң Жергиликтүү башкаруу жана улуттар аралык мамиле мамлекеттик аганеттигинин директору болгон. Ал жерден да кыйрата албай, кызматтан кеткен. Эми болсо өкмөт аны жакында эле иштей албай кызматтан алынган Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун директору Бакыт Жумушевдин ордуна дайындап койду. Эгембердиева ушунча жыл чоң кызматтарда чокчоюп жүргөнү менен, иш менен өзүн көрсөтө алган жок. Анын ишти билбеген Жумашевден айырмасы деле жок. Болгону жогорку бийликтеги колдогон кожосу күчтүү болсо керек. Эптеп чоң кызматка илешип, таасирдүү чиновниктерге тил алчаак, ийилчеги, кошоматчылыгы менен жагынып алгандар, ушунтип илешип кызматтан­кызматка секрип жүрө беришет турбайбы. Өзгөчө мындай көрүнүш биздин бийликте абдан арбын. Алардын деңгэине түкүрүп койсоң деле жарашат.

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу