Эне менен баланын ортосундагы мамиле…

Ымыркайдын бул дүйнөгө төрөлүп, анын дүйнө таанымына, көнүүсүнө жана ишеним сезимин орношуна эненин сүтү абдан маанилүү. Эне сүтү менен чоңойгон балдар аз ыйлап, тынч жана көпкө чейин уктайт. Муну менен бирге эне сүтүн эмип чоңойгон балдар аз стресске кабылат.

Эне менен баланын ортосундагы байланыш

Ымыркай төрөлөр замат, алгач апасы менен таанышат. Ар эне менен баланын ортосундагы мамиле динамикасы ар кандай.

Өзгөчө эненин баласын колго алып уктатуусу, аны кучактап өбүү, баарлашуу, көздөрүнө карап күлүү-эне менен баланын ортосундагы мамилени бекемдейт.

Эгерде балаңыз төмөнкүлөрдү убагында аткарбай жатса, анда ага көңүл бөлүңүз!

Ар бала ар кандай саатта бул дүйнөгө келет. Алардын физикалык жана психалогиялык өнүгүүсү дагы ар башка.

-Балаңыз алгачкы үч айда күлүмсүрөп, жүзүңүзгө карай албай жатса

-Үч айга чейин башын токтотпосо

-Төрт айына чейин кандайдыр бир дабыш чыгарбаса

-Алтынчы айында сиз көрсөткөн оюндарга реакция бербей жатса

-Тогузунчу айында өзүнө ылайык бир тили чыкпаса

-Он айлыгында атын айтканда, сизге бурулуп карабай жатса, анда сөзсүз түрдө керектүү адистерге кайрылууңуз кажет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу