Энергияңызды соруп жаткан адамдар кимдер?

Жашоодо адамдын башында түрдүү көйгөйлөр болуп турат. Албетте, бизге жакын жургөн адамдардын башына да түшөт. Бирок ал адамдардын ар дайым сизге чагымдана берүүсү туура эмес. Себеби сиздин бардык энергияңызды соруп алат.

Алар өздөрүн байкуш кылып көрсөтүп, сиздин аё сезимиңизди туудуруга тырышышат.
Сизге келип, проблемасын айтып турган адамды укпай коё албайсыз. Уга берүүгө да ниетиңиз жок. Мындай жагдайда эмне кылыш керек?

1. Дистанцияны сактаңыз

Мындай адамдар менен ар дайым дистанцияны сактаңыз. Алардын аңгемесин азыраак уксаңыз ошончолук жакшы. Алар да сиздин алыстаганыңызды көрүп, кийинкиде айтууга батынбайт.

2. Анын көйгөйү аныкы гана экенин түшүндүрүңүз

Эгер ал адамдын көйгөйүн уксаңыз, артынан анын көйгөйү аныкы гана экенин түшүндүрүңүз. Башындагы көйгөйүн тактап сурабай, өз күчү менен чечип көрүүсүнө кеңеш бериңиз.

3. Алсыздык таанытыңыз

Ага анын көйгөйүн чечүүгө даяр экениңизди көрсөтпөңүз.

4. Чек араны белгилеңиз

Эгер сиз ар кимден негвтивин угуп тажасаңыз, уккуңуз келбегенин, анын сизге жакпай турганын айтыңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу