Эненин дабышы бардык үндөрдөн күчтүү…

Көрсө уктап жаткан балага өрт өчүрүү кызматынын коңгуроосуна караганда, эненин дабышы алда канча ыкчам таасирин тийгизет экен. Эң кызыгы ал дабыш үч эселеп натыйжасын бермекчи. Бул тууралуу америкалык окумуштуулар Огайодогу улуттук балдар ооруканасында изилдөө жүргүзүп аныкташты.

Изилдөөгө 5 жаштан он эки жашка чейин 176 бала катышкан. Ошондой эле алар ар түрдүү техникалык коңгуроолорду колдонушкан. Муну менен бирге өрт өчүрүү кызматынын коңгуроосун бийиктетип колдонулгандыгы айтылат. А бирок дал ошолордун ичинен эненин: “Ойгон”, “Үйдүн бөлмөсүнөн сыртка чык”,- деген дабыштары балдарга бат жеткендиги айтылат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу