Эмоциялардын ден соолукка таасири

Ден соолукту сырткы чөйрө эле бузбастан, өзүбүздөгү ар кандай эмоциялар да жабыркатат. Бул боюнча эмоциялар менен органдардын байланышын чыгыш медицина адистери далилдешкен. Алардын айтымына караганда, адамдагы кайсы бир оорулар кубанычтан, кайгыдан жана башка бир катар эмоциялардын таасиринен жаралат.

 

Кубануу

Бул эмоция жүрөк менен байланышта. Адам кубанганда бүт денесинде жеңилдикти, жагымдуу энергияны сезет. Анткени бул учурда вена, артерия тазаланып, энергия жөнгө салынат. Бирок ашыкча кубануу тескери натыйжа берет. Мында энергия бир калыпта болбой жүрөктүн иши бузулат. Жүрөк эле эмес, өпкө да жабыркайт. Анткени бул эки орган тең дененин жогорку бөлүгүндө жайгашкандыктан бири-бирине таасир этпей койбойт.

Коркуу

Бул сезим да жүрөк жана бөйрөк менен түздөн-түз байланышта. Адам катуу корккондо бүтүндөй организмге күч келет. Өзгөчө жүрөккө таасир берет. Мындай оор эмоционалдык абал кардио системанын функциясын бузуп, жүрөк ооруларына алып келиши мүмкүн. Коркуу кандын жана эр жүрөктүүлүк үчүн жооп берген өттүн кызматынын жетишсиздигине алып келет. Абдан катуу коркуудан бөйрөктүн иши начарлап, адам заарасын кармай албай калышы ыктымал. Бөйрөк өсүп-өнүгүү үчүн жооп бергендиктен анын туура иштөөсү өзгөчө бала куракта маанилүү. Ошондуктан кытай медицинасында балдарды эр жүрөктүүлүккө, өзүнө ишенимдүүлүккө тарбиялоого чакырат.

Ачуулануу

Ачуулануу адамдын ой жүгүртүү жөндөмүнө таасир берет жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Ачууланган учурда адреналин, норадреналин жана кортизол деген стресс гормондору көп иштелип чыгат. Кан тамырлар ичкерип, бул кан басымдын көтөрүлүшүнө, жүрөктүн бат согушуна алып келет. Көп ачууланган учурда артериянын капталдары иштен чыгат. Изилдөөлөргө караганда, ачууланганда кортизол гормону көбөйгөндүктөн денедеги жаранын айыгышы 40 пайызга кечеңдейт. Ошондой эле цитокиндердин (сезгенүүнү чакыруучу иммундук молекулалар) деңгээлин жогорулатат. Бул артрит, диабет жана рактын пайда болуу коркунучу жогорулайт дегендик.

Кайгыруу, ыза болуу

Бул эмоциялар өпкө менен байланышта. Депрессиядан улам өпкөнүн энергетикалык системасы бузулат, чарчоо, энтигүү пайда болот. Адам кайгырганда бронха менен бронхиолдору ичкерип дем алуу кыйындайт. Натыйжада астма пайда болот. Окумуштуулардын айтымында, кайгы жүрөктөн чыгып, өпкөнү жабыркатып, кайра жүрөккө барат. Чыгыш медицинасына ылайык, жүрөктүн жакшы иштеши үчүн уйку абдан маанилүү. Ал эми кайгырган, ыза болгон учурда уйку бузулат. Кайгыруу, ыза болуу психиканын бузулушуна жана эс тутумдун начарлашына да алып келет. Андан сырткары депрессия териге терс таасир этет жана канда кычкылтектин деңгээлин төмөндөтөт. Ыза болуудан адам ашыкча салмак топтоп же арыктайт. Наркотика сыяктуу терс адаттарга жакын болот.

Сарсанаа болуу

Санаачылдык көк боор менен байланышта. Көпкө ойлонуу көк боор эле эмес, башка ички органдардын да ишине абдан таасир этет. Андан улам адамдын жан дүйнөсү, психикасы зыян тартат. Энергиясын жоготот. Жүрөк бат-баттан согуп, эс тутум начарлайт, маанай түшөт жана чарчайт.

Стресс

Ашыкча стресс — жогорку кан басым, астма, жүрөк-кан тамыр ооруларынын негизги себептеринин бири. Ошондой эле холестериндин деңгээлин жогорулатат, тамеки, физикалык пассивдүүлүк жана ашыкча тоюп алуу сыяктуу терс адаттарга алып келет. Бул факторлордун баары артериянын капталдарын бузуп жүрөк ооруларын пайда кылат.

Нес болуу

Күтүүсүздөн нес болуу организмдин табигый тең салмактуулугун жана нерв системаны бузат. Бул эмоция өзгөчө бөйрөк менен жүрөк үчүн зыяндуу. Анткени катуу нес болгон учурда адреналин гормону ашыкча өлчөмдө иштелип чыгат. Жыйынтыгында жүрөк бат согуп, уйкусуздук пайда болот. Адам алсыз болуп, териси кубарат жана дем алуусу кыйындайт.

Ызы-чуу салуу

Бул эмоция ашказанга, көк боорго жана карын астындагы безге таасир берет. Жыйынтыгында тамак сиңирүү бузулуп, ич катуу жана жоон ичегинин сезгенүүсү пайда болот. Ызы-чуу сала бергенден адамда өнөкөт оорулар козголот. Бул эмоцияны окумуштуулар жүрөктүн ишемиялык оорусунун кеңири жайылган себептеринин бири деп эсептешет.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу