Эмне үчүн шоу- бизнесте ажырашуу арбын? 

Кыргыздын шоу-бизнесинин айрым өкүлдөрү үчүн үй-бүлө  деген нерсе оюнчукпу деп ойлоп кетесиң. Анткени экөө тең сахнада жүргөн  түгөйлөрдүн жашоосу ушундай ойлорго алып келип жатпайбы. Көрсө мындай көрүнүштөр тээ 90-жылдары эле башталган экен.

Мисалы: Белгилүү булбул ырчы  Динара Акулова менен Абдумалик Шерматов, Байыш Момунов менен Клара Алибековалардын бат эле оттору күйүшпөй калды. Андан кийинки жылдыздуу түгөйлөр  Токтобек Асаналиев менен Кенже Кубатова, Аскат Мусабеков менен Залина Касымова жана башка кош жылдыздар да үй-бүлө катары бир үйдүн ичине батпай калышты. Ал эми азыркы шоу чөйрөнүн өкүлдөрү да бул «эстафетаны» татыктуу улантып келе жатышат. Алар: Айпери Кубик кызы, Гүлнур Асанова, Айжамал Кабылова, Назира Айтбекова,  Малика Дина.

Ишеничтүү булактарыбыздын маалыматына таянсак бактылуу түгөйлөр Денис Бобков менен Жанета Бобкова да ажырашып жаткан кербези экен.

Эмне үчүн ушундай болот? Кыргыздын «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» дегени чын окшойт. Болбосо, аялы да кыйын болсо, күйөөсү да кыйын болуп жатып бала дегени, казан-аяк дегени калып калат окшойт. Болуптур, жылдыз жубайлар бирине-бири кыйынсынып жашай албай калышыптыр. Ал эми шоуга жолобогондорго тийип же алгандар эмнеге ажырашып жатышат?

Четинен талдап көрөлү. Мисалы: Россиянын жылдыздары Алла Пугачева менен Максим Галкиндин үй-бүлөлүк жашоосун мыкты ойлонулган «пиар» деп эсептегендер четтен табылат. Балким биздин «жылдыздар» да ошентип аттарын тааныткысы келеби? Өздөрү тамашалап айткандай «тойдон тапкан акча бүт бойдон үй-бүлөлүк капчыкка кетет да». Бирок ошол үй-бүлөлөр сен кыйын мен кыйындын айынан көп ажырашып жатышпайбы. Бири-бирине керек учурда жол бошоткулары келбейт. Россиялык психологдук айтымына караганда жылдыз түгөйлөрдүн жашоосу  жөнөкөй үй-бүлөлөргө караганда 12 эсе татаал.

Ошондуктан шоу-бизнестин өкүлдөрүнө турмушка чыкчу айымдар бир гана жылдыз болууну самабастан алды- артты бир карап, талдап анан турмушка чыгыңыздар деген каңешти бермекчибиз. Анткени гастрол дейби той дейби алар үйдө отура албаган немелер.

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу