Кыргыз шоу-бизнес чөйрөсүндө чачтары ак-сарыга боелуп, башкача стилде кийинген жигиттер пайда болду…

Шоу-бизнес чөйрөсүндө чачтары ак-сарыга боелуп, өзгөчө стилде ырдаган жигиттер пайда болду. Алар, Алим Серебровдун жетекчилигинде «ЖонЭлэ» деп аталып, 5 жигиттен турган топ. Дал ушул топтун ыр кечеси тар чөйрөдө Бишкектеги ресторандардын биринде болуп өттү. Анда жигиттер ырдап-бийлеп, сахнадагы өзгөчө жүрүш турушу менен өз өнөрлөрүн тарттулашты. Ал эми бул тууралуу Серебров:

«Соңку убактарда K-pop тун популярдуулугу дүйнөнү каптат келе жатат. Көпчүлүктүн суроосу боюнча 5 жигиттен турган топту түздүк. Алар шоу-дүйнөсүндө бурулуш жасайт деген ишенимим чоң. Жигиттер K-pop жанрында ырдап чыгышат. Андыктан алардын кийинүү стили дагы корей жигиттериндей, чачтары ак-сарыга боелуп, сөйкөлөрдү тагып, костюмдары дагы өзгөчө кооздукту тартуулоо максатында түркүн түстө болмокчу. Билем,биздин коомчулук буга даяр эмес. Бирок  эч ким укпайбыз, анткени биз дүйнөнү багынтууга бел байлаган командабыз. Ар ким өз оюн айтканга толук укугу бар, дегеним, жаман-жакшы билдирүүлөрдүн баарына даярбыз» — деген пикирин билдирди.

БУЛАК:gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу