Сындыруунун ыкмалары толуп жатат

Эмне үчүн НПОчулар, Акыйкатчы түрмөдөгүлөргө кордук көрсөтүп жатышат, өмүрүн соолута турган болушту деп чаңдата беришээрин толук түшүнбөгөндөн кийин кайдагы бир “уламышты” жооруй албайсың да? Азыр кимдер отурат караңгы жерде, көзүн алаңдатып? Саясаттагы кадамдарынан жаза басып алгандар күнүн санап кыжаалат болушкан учуру. Ал тургай түшүндө түрмөдө отуруп каларын көрбөгөндөр бүк түшүп жатып беришти. Анан кара күчкө эле тигил сынбаптыр, чыксам өчүмдү алам деп айтты деген аңыз кептерди чубалжытышат. А иш жүзүндө камактагы бир сааттын өтүшү тозокко барабар.

Албетте, Сапар Исаковдун шектүү деп табылып, караңгы жерге киргизилиши чоң резонанс жаратты десек болот. Эми ага деле “өзгөчө сылык” мамиле жасалбашы турган иш эмеспи? Суракты жүргүзүүчүлөрдүн алдында жооптуу милдеттер коюлган, кандай болсо да “сындыруу” керек деген. Муну анын жактоочусу Н. Токтакунов жазып да, шардана кылып да жиберди. Ошентсе да башкаларга окшоп жалакайланбай, үй-бүлөөсүн анчалык күйүткө салбай кайратынан жанбаган Сапардын учурдагы жүрүштөрү көп нерсени каңкуулап турат. Генерал болгусу келген жоокердин тилеги аткарылыш үчүн оболу кайраттуулугун, чыдамкайлыгын, салмактуулугун айгинелеши кажет экени белгилүү эмеспи. Демек, адамдагы жакшы сапаттарга кайдыгер карай албасыбыз ырас…

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу