Эмне үчүн Кыргызстанда шпиондор көп?

Өлкөдө чыккынчылар күн санап эмес, саат санап өсүп жатат. Өз Мекенин саткандардын тизмесин мекенине чыккынчылык кылып соттолгондор толуктоодо. Эң кооптуусу мындай саткындардын катарын погончондордун толуктап жатканы болууда. Бул өлкөнүн улуттук коопсуздугуна өзгөчө коркунуч туудурат. Мунун бетин ачууга, жок кылууга эреже боюнча аскердик контрчалгын чыгат. КРнын Кылмыш жаза кодексине ылайык, мамлекеттик чыкынчылыкка Кыргызстандын сырткы коопсуздугуна чыгым алып келүүчү шпиондук кылуу, мамлекеттик сырларды берүү же башка чет өлкөгө, чет өлкөлүк уюмдарага же алардын өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүү кирет. Кыргызстандагы чуулгандуу сот процесси ИИМдин кызматкерлери акыркы эки жылдын ичинде АКШнын элчилигине кызматтык сырдан турган маалыматтарды берип тургандыгы ачыкталган. Бул окуяга көпчүлүктү шок кылды.

Дүйнөдө саясий шпионаж фактылары улам-улам ачыкталып жатат. Бирок төмөнкү факт бир топ кызыктуу көрүнөт. Алгач шипиондордун аракеттери ачыкталат, андан соң эркинен ажыратылып, мындай чыккынчылар Жараткан тарабынан да жазаланат. Муну бир топ болуп өткөн окуялар тастыктап турат. Айрым “укук коргоочу” деген атка жамынган адамдар мамлекеттик мекемелер менен, анын ичинде Каттоо кызматы менен тыгыз кызматташат. Мыйзам боюнча чет элдик уюмдар мамлекеттик мекемелер менен түздөн-түз кызматташып, алардын ар кандай иликтөөлөрүнүн жыйынтыктарын долбоорлоруна колдонууга тыюу салат. Ошол эле кезде чет өлкөлүк донор уюмдары жергиликтүү изилдөөчүлөр, консалтинг уюмдары, укук коргоочу мекемелер менен тыгыз кызматташып иш алып барып, алар аркылуу керектүү маалыматтарды алып жатат. Мисал катары татаал, узун аталыштагы буга чейин Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашкан ири долбоорлордун тизмесин келтирүүгө болот. Башкача айткан биздин укук коргоочулар көп нерсени айтып коюшкан. Кандай жол менен ушул сыяктуу көрүнүштөрдү алдын алууга болот жана шпиондорду аныктап жатканда адистер эмнеге көңүл буруш керек?

Азырынча бул мүмкүн эместей көрүнөт. Биринчиден бейөкмөт уюмдарына грант бөлүү — бул жакшы ойлонуштурулган демократияны өнүктүрүү шылтоосу менен маалымат алуу ыкмасы катары сыпаттап келет. Экинчиден өтө чоң суммадагы акча тууралуу кеп болуп жатат Көпчүлүк эл аралык уюмдардын артында чет өлкөнүнүн атайын кызматтары турары жашыруун эмес. Бөйөкмөт уюму пайда болуп, анын ар кандай долбоорлору сунушталат жана белгилүү бир мамлекеттер каржылап, алар ага кызыкдар болот. Чет элдик уюмдарда иштеген жарандар ар кандай долбоорлорду шылтоолоп жүрүп мамлекеттин маанилүү маалыматтарын кыржылаган тарапка берүүгө аргасыз. Муну ачык эле чыккынчылык катары бааласа да болот. Бейөкмөт уюмдары кандайдыр бир долбоорду аягына чыгарып жатканда кожоюндарына отчет берет. Аны менен кошо Кыргызстандагы маанилүү маалыматтар кетет. Мындай көрүнүштөр анча билинбегени менен чыккынчылык жана шпиондук. Кыргызстан андан жапа чегет. Бул болсо коркунучтуу. Айрыкча, Кыргызстандын келечеги үчүн…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу