Эмне үчүн Кыргызстанда алтымыш бир жашка толгондо президенттен кетишет?

Акаев алтымыш бир жашка толгондо 2005 -жылы президенттен кетти. Бакиев алтымыш бир жашка толгондо 2010 -жылы президенттен кетти. Отунбаева алтымыш бир жашка толгондо 2011 -жылы президенттен кетти. Атамбаев алтымыш бир жашка толгондо 2017 -жылы президенттен кетет, эми президент ким болот. Атамбаев уюштурган » Көчмөндөр оюнуна» зор мамлекеттердин келиши жакшы көрүнүш болду, анын үстүндө бул оюн аягы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин маараке күнүнө дал келген. Мындай дал келүүлөр болгон 2009-жылы президенттик инаугурациясы ЖККУнун саммитине дал келген Курманбек Бакиев да алтымыш жашка толгон. Бирок, ошол мезгилде ЖККУнун саммитине келишкен мамлекет башчылары кетүүгө ашыгышканын эл билет. Бир гана Нурсултан Назарбаев президенттин инаугурациясына катышканы тарыхта калды. Бул ирет да Алмаз Атамбаевдин мааракеси «Көчмөндөр оюнуна» тушташ келип, Ташкентте болгон саммитте Атамбаев мамлекет башчыларын бул салтанатка келип кетүүсүн чакырган.Ислам Каримовдун өлүмү бир топ лидерлердин келтирген жок, бирок жогорку деңгээлдеги ыйгарым укуктуу адамдарын жиберишти. «Көчмөндөр оюунун» негизги максаты Ысык-Көлдүн имиджин көтөрүп, дүйнөлүк деңгээлде туристтерди Кыргызстанга тартуу болгон. Дүйнөлүк мамлекеттер көз салып жаткандан кийин туристтер көп келишти. Түрк тилдүү мамлекеттер келишти, Россия, Кытай, Индия, Афганистан, Пакистан, Иран, Монголия, Белорус, Шри Ланкадан келишип, «Манаска» 1000 жыл толгондон да өйдөрөөк той болду окшойт.
Темирлан КЕЛДИБЕКОВ
Булак: «Кыргызтаймс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу