Эмне үчүн Атамбаев НКВДнын лидерлерлериндей өзүн атып өлтүрүшү мүмкүн?

Маселени кабыргасынан койгон жакшы да. Чүйгө салабаттуу Туйгунаалы Абдраимов губернатор болгондон кийин коррупцияга каршы күрөш чечкиндүү башталып, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев сыяктуу лөктөр камакка алынды. Дал ушул жерде Ак үйдүн сыры бар. Камакка алынгандар кылган иштери үчүн жазага тартылышы шарт, бирок, ошонун артында дух берүүчү энергия болду да…

Учурдагы өкмөттүн дарамети жамы журтка байкалып калды. Өз милдеттер тыңгылыктуу аткара алышпай, коомчулуктан колдоо таппай атышкан чактар Инвестиция келбей эле ириди, экономикабыз эңшерилди, өндүрүш өлдү, социалдык көйгөйлөр соолуду…

Бул эми жалпак тил менен айтканда ушундай, бирок чындыктын татымы дал ушул жерде эй. Эгерде демилгелүү, ишбилги өкмөт башчы болгондо Кыргызстандагы абалыбыз тез арада алдыга жылмак.

Азыр жай мезгили, саясый активдешүү жокко эсе. Бирок, күзгө карай Сокеге карата оппозициялык блоктүзүлүп атканын билесиңерби?

Ар кайсы күчтөр биригет. Алар биринчи кезекте өкмөттүн өлөсөлүү, дин ишенимин актабаган көп фактыларын коомчулукка жаят. Президент Сооронбай Жээнбековдун кадырын кетирүүгө белсенишери айкын.

Ансыз да Атамбаев Чүйдөгү тың балдарды байма-бай чакырып Сокени, Туйгунду, Исаны шыбап атканы жалганбы? Жергиликтүү эл «жабыркаган» Атамбаевдин сөзүнө ишенип атышат, «ушул досторума өзүм кызмат берип, ишенип, жакшылык кылдым эле, тилекке каршы, булар мени сатып кетишти» дегени кандай?

Азыр Атамбаевди баары тепкиге алып атышпайбы, бирок, ал саясаттан четтебейт, аягына чейин күрөшөт. Ага боор ооруган да катмар жаралууда. Шанстары дагы толтура… Биз ачыктабайлы.

Кокус Атамбаев жеңишке жетпей калса, ал качпайт, камакка да алынууга моюн сунбайт. Алмазбек Шаршенович кокустан көздөгөнүнө жетпей калса, тек гана НКВДнын лидерлериндей өзүн атып өлтүрүшү мүмкүн.
Андыктан, күздө саясат катуу богот. Туйгун байке менен акылдашсаңар Атамбаевдин амалын алдыртан айтып берсе керек…
Арстан АЛГЫРБЕКОВ

Булак: АЗИЯньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу