Эмне себептен башыбыз айланат?

Баш айлануу көпчүлүк адамдарда кездешет, а бирок ага биз өтө деле көңүл бөлбөй келебиз. Өзгөчө айрым адамдар автобуска же унаага чыкканда баш айлануусу башталат.

Адистердин берген маалыматына ылайык баш айлануунун көптөгөн себептери бар. Мисалга, вирустук инфекциялар бирден-бир себеg катары сыпатталат. Бул нерсеге адам катуу стресске киргенде дагы: адамдын башы айланат, угуусу начарлайт ж.б.

Баштын травма алуусунан кийин дагы баш айланууну байкоого болот.

Эгерде сизде узак убакытка чейин башыңыз айланып, көңүлүңүз айланып жана кусуп жатсаңыз, анда сөзсүз дарыгерге кайрылууңуз керек.

Алдын алуу үчүн эмне кылыш керек?

-Ылдам жүргөн унаага түшүүдөн баш тартың, башты айландыруучу атракциондордон алыс болуңуз

-Күнүгө сегиз саат жумуш аткарып, сегиз саатты уктоого, калган убакытты эс алууга арнаңыз

-Спорт менен машыгыңыз

-Сууну көп ичиңиз

-Тузду азайтыңыз

-Витаминдерге жана минералдарга бай: Грек жаңгагын, бадам, фисташка жана жер жаңгакты көп колдонуңуз

-Туура тамактануу эрежесин тандаңыз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу