Эмнелер сиздин энергияңызды азайтып жатат?

Сиз убакыт өткөн сайын улам эле бат чарчап, энергияңыз калбай баратат. Ага түрткү болгон себептердин тизмегин сизге сунуш кылабыз.

Отурган жумуш ордуңуздагы башаламандык

“Принстонск” университетиндеги адистердин изилдөөсүндө отурган жумуш ордуңуздун алды канчалык башаламан, керексиз баш айланткан нерселер турган болсо, сизде ошончолук жумушка болгон көңүлсүздүк пайда боло тургандыгын эскертет. Башкача айтканда, ишке болгон маанайыңыздын жоктугу байкалат. Анткени, баш айлануудан улам сизде жумушка болгон оюңуз чачыранды болмокчу. Ошондой эле мисал, ашканда дагы байкалат. Мисалга, ашканаңызда дагы ашыкча идиштер көп болсо, сиздин тамак жасоо маанайыңыз жок болот. Себеби, баш айлануудан улам кайсы биринен баштоону билбей каласыз.

Ар кандай энергия берүучү суусундуктар

Ооба, дал ошол сизге энергия берген суусундуктар, сизди бат чарчатып, ден соолугуңуздун бузулуусуна алып келет. Анткени, анын түзүмүндөгү инсулиндер убактылуу гана сизге энергия бермекчи. Энергетикалык суусундукту ичкенден кийин, канча бир убакыт өткөндөн кийин кайра эле мурдагы абалыңызга келип, ден соолуңузга терс таасирин тийгизет.

Организмге суунун жетишпестиги

Абдан суусап турган учурда, сиздин эмоцияларыңыз, күч-кубатыңыз толугу менен өзгөрүшү мүмкүн. Бираз эле денеге суунун жетишпестиги: “Чарчоону, баш ооруну, ойду топтой албоону пайда кылат”. Ошондуктан адистер күнүнө организмге керектүу суу ичүү керектигин айтат.

Витаминдердин жетишпестиги

Эгерде сиз энергияңызды толугу менен бир калыпта кармап турууну кааласаңыз, анда сизге витамин В жана магний керек. Организмде витамин В12 жетишпеген абалда, адамдардын мээсинин иштөө функциясы төмөн болот.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу