Эмнеден улам коркунучтуу түштөрдү көрөбүз?

Адамдар кайсыл шартта коркунучтуу түш көрөт? Анын себептери боюнча сөз кылмакчыбыз.

Бул боюнча тажрыйбалуу адис, психотерапевт Марк Сандомирский жооп берген.

1.Тамактануу рациону

Сизди ойлондурган, коркунучтуу түштөр – ачуу же маййлуу тамак жегенден, спирт ичимдиктерди колдонгондо пайда болот. Кечинде абдан тоюп тамактануу же таттууну көп колдонуу, мээдеги метаболизмдин иштөө функциясын бузуп-жаман түштөрдү көрүүгө түрткү болот. Ошондой эле, кечкисин кофе ичүү да, себеп болмокчу.

2. Уктоочу бөлмөнүн шартына байланыштуу

Эгерде уктоочу бөлмөңүз абдан ысык же суук болсо да, жаман түштөрдү көрүүгө алып барат. Муну менен бирге жагымсыз жыттар, бөлмөнүн өтө жарык болуусу, ар кандай үндөр жана адамдын өзүнүн туура эмес абалда уктап калуусу да, себеп болот.

3. Стресс

Чарчоо, бирөөгө капалануу же бирөө менен катуу урушуу да сизди тынчсызданган түштөрдү көрүүгө түрткү болот. Буга карай сизди ойлондурган, чечилбеген маселелер, жакын адамыңызды жоготуу түшкөрүү ритуалын бузмакчы. Жаман түштөрдү көрүү-айрым учурда организмде өнөкөт оору пайда болуп жаткандыгынан да кабар берет.

Андан арылуу үчүн эмне кылуу керек?

Кечиндеси жакшы ойлорду кыялданыңыз, музыка угуңуз, душ алыңыз, чөп чайларды ичиңиз жана китеп окуганды адатка айлантыңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу