Эмнеге эркектер кечирим сууроодон баш тартышат? 5 себеп


Эркектерге аялдарга караганда кечирим суроо аябайт татаал нерсе.Окумуштуулардын айтымында иштин баары гендердик өзгөчөлүктө.Бирок төмөндөгү беш себепти да карап көрүңүз.

1.Ал сиздин алдыңызда  кечирим суроонун кажети жок деп эсептейт.

Окумуштуулардын айтымына караганда аялдар менен эркекетердмн кечирим сураш керек деген абалдарга болгон көз карашы таптакыр башка .Аял киши кечирим сураш керек деп ойлосо,эркек киши бул окуяны катардагы көрүнүш катары гана көрөт.

2.Ал кечирим суроого болгон мамилеси сиздикинен башкача

Адатта аял кишилер баардык нерсе үчүн кечирим сурай беришет.Алар бул нерсени адамга жакындаш үчүн,же мамилелерди сактап калыш үчүн колдонушат.Эркек кишилер болсо бул сөздөрдү олуттуу себептер болгондо гана колдонушат.

3.Кечирим суроо аны өзүн алсыз сезүүгө түрткү болот.

Эгерде ал каталарын мойнуна алып кечирим сураса башкалардын көз алдында аброюун жоготуп,бети жер карап калат деп ойлойт.Өзгөчө жакшы көргөн айымынын астында мындай абалда калгысы келбейт.Ошол үчүн көп учурда ал текеберчилик кылып кечирим сурабай койду деп ойлошуңуз мүмкүн бирок баардыгы сиз ойлогондой эмес.

4.Бала кездеги комплекстер

Балким кичинекей чагында аны ар бир майда нерсе үчүн кечирим суроого мажбурлашкан.Ошол себептен бойго жеткен маалда эч качан кечирим сурабайм деп чечкен.Же болбосо өткөн мамилелериндеги кечирим суроолору эч кандай жакшылыкка алып келген эмес.

5.Сөз менен эмес иш менен далилдн туура көрөт.

Ал гүл алып келет,идиш жууйт,смсм билдирүүлөрдү жазат.Бул анын унчукпастан сизден кечирим суроосу.Ага бул нерсени сөз менен айтуу кыйын,ошол себептен иш менен көргөзөт.

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу