Эмнеге чипсы жегенге болбойт?

Чипсы дүйнөдө сатылуусу боюнча биринчи орунда турган азыктардын бири. Ал эми чипсыны эмне үчүн жегенге болбой турганын 5 негизги себебине токтолуп көрсөк:

1. Өзүнө көз каранды кылып коёт. Принстон университетинин илимий кызматкерлериинин изилдөөсү боюнча, чипсыны күндө жеген тамеки же спирт ичимдигиндей өзүнө көз каранды кылып коет экен.

2. Семиздикке чалдыктырат. Калыптуу бир куту чипсыда 510 ккал болот. Ал эми чоң адамдар үчүн күндүзгү калория 1800 ккал болса, балдар үчүн 1200 ккал экендигин эске алсак, чипсынын бир гана кутусу күндүзгү норманын жартысын, ал эми 3-4 кутусу калориянын чектен тышкары көбөйтүп, семиздикке алып келет.

Ошондой эле, чипсынын курамындагы майлар ар бир адамдын ден-соолугуна терс таасир берет. Кээ бир маалыматтар боюнча ал майлар рак клеткаларын да пайда кылат.

3.Курамында баалуу заттар жок. Байкап карасаңыз, кытырак болгондон кийин куурулган картошканын курамында эч кандай минерал, витамин, кальций, белок менен көмүр суутек калбайт. Ошондуктан, чипсынын курамынан биздин организмибиз эч кандай пайдалуу заттарды ала албайт. Болгону көп калорияга гана «ток» болуп калат.

4. Организмдеги туздун көлөмүн артырат. Бир куту чипсынын курамында 0,7 г. туз болот. Ал эми адам үчүн туздун калптуу күндүзгү өлчөмү 5-6 грамм. Организмде туз көбөйгөн учурда сөөктөрдүн өсүүсү менен жүрөктүн жумушу бузулат.

5. Аллергияны пайда кылышы мүмкүн. Кытырак картошканын ичинде көптөгөн боёк заттар менен татымалдар болот. Алардын өзүндө эч кандай зыян жок. Болгону ичиндеги картошка тоок, эт, козу карын жана башка даамдарды берип турат. Бирок өндүрүүчү аларды канчалык кошконуна байланыштуу организмде аллергия пайда болот. Ошондуктан, чипсыны жеген кезде чүчкүрүү сыяктуу аллергиялык симптомдор пайда болсо, дароо дарыгерге көрүнүп, кийинкиде жебей коюуга аракет кылыңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу