Эмнеге планшет балдарга зыян?

Экран башында көп убакыт өткөрүүнүн зыяны мээнин кабыкчаларынын ичкерип кетүүсүнө алып келет. АКШ Улуттук ден-соолук институту (NIH) 9-10 жаш аралыгындагы 11 миң баланы изилдеп, анын балага тийгизген зыянына байкоо жүргүзүшкөн. Мындан улам, смартфон, планшет жана видео оюндарына 2 сааттан ашык убакыт жумшоо мээге зыян экен. МРТ түзүмү менен балдардын мээсин сканерлеп, экран башында 2 сааттан ашык убакыт өткөргөн балдардын ой-жүгүртүүсү менен сүйлөө жөндөмдүлүүгү төмөндөп кеткенин көрсөткөн.

Бала канчалык көп убакыт телефон менен өткөргөн сайын, ал бут кийиминин боосун байлай албай, керек болсо күнүмдүк жөнөкөй тапшырмаларды аткара албай калуусу да мүмкүн. Кыскача айтканда, жөндөмсүз абалга келет. Сөздөрдү так сүйлөй албайт. Өз оюн айта албай кыйналышы мүмкүн. Чоңойгондо жашоодо туура чечим кабыл ала албай, кыйынчылыктарга тап болот. Адамдар менен мамиле кура албай, мындан улам психологиялык кыйынчылыктарга кабылат. Ошондуктан 2 жашка чейин балага телефон берүүгө болбойт жана экрандан алыс кармаңыз. 2-5 жаш аралыгында 1 саат телефон кароосуна уруксат бериңиз. 9-10 жашында 2 саат гана убакыт жетиштүү болмокчу. Ата-энелер ал көрүп, ойноп жаткан оюндун сапатына, мазмунуна катуу көңүл бөлүүлөрү керек!

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу