Эмнеге Кытайдан чыккан кийимдерди жууп кийиш керек?

Колумбия университетинин Медициналык борборунун дерматологу Дональд Белсито кийим-кечектеги химикаттар аллергиялык реакциянын пайда болушуна себепчи болот экенин эскертти. Ошондуктан, жаңы кийимди дагы жок дегенде бир жолу жууп кийүү керек дейт дерматолог. Жаңы Зеландияда жүргүзүлгөн изилдөө жумуштары Кытай өндүргөн кийимдерден зыяндуу химиялык кошулмалар 900 эсе көп экенин далилдешти.

Формальдегид– өзгөчө коркунучтуу зат. Бул түссүз газ кездемени бырыштырбай, мыжылып калуусуна жол бербейт. Ошондой эле, кийим көгөрүп, же көк жыттанып кетпеш үчүн кошулат. Бирок, ал тескерисинче адамдарда аллергиялык реакциялардын пайда болушуна таасир берет. Кээ бир окумуштуулар мындай учурда зыяндуу шишиктин да пайда болушуна алып келиши мүмкүн дешет.

Аллергияны зыяндуу боёктор менен анилин боёктору туудурушу мүмкүн. Ал көптөгөн синтетика кездемелерди боёгондо колдонулат.

Биринчи жолу жуулганда боёктун бөлүктөрү кездемеде калат, ошондуктан Дональд Белсито кийимди эки жолу жууганга кеңеш берет.

Бул өзгөчө, химиялык кошулмаларга аллергиясы бар адамдарга катыштуу айтылган кеңеш. Боёктор денеге тийгенде анда дене кызарып, безетки сыяктуу майда ысыктар пайда болушу мүмкүн. Негизи ал бел, моюн, сан жана колтукка чыгат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу