Эмнеге кыздар аталарына жакын болушат?

Эгер мырзалар арасында «уулбу же кызбы?» деген сурамжылоо жүргүзө турган болсок, басымдуу бөлүгү өзүнө мураскер боло турган «уул» деп жооп берери анык. Өзгөчө, бул түрк тилдүү элдер менен чыгыш Азия өлкөлөрүндө көп кездешет. Ага карабастан, мырзалар эркек бала каалаганы менен кыздарына деген сүйүүсү өзгөчө болот эмеспи.

Ошону менен анын сыры эмнеде? Бул суроого жооп бере турган мырзаларды үчкө бөлсөк болот:

Биринчилер – бул суроого такыр ойлонуп көрбөгөндөр.

Экинчилерге – эркек балдарынын көп болгонун кыялдангандар. Бул үй-бүлөнүн уландысы, мураскери, «туягым» деген түшүнүк менен түз байланыштуу.

Үчүнчүсү чындыгында эркек болуусун кыялдангандар. Алар баласы жарык дүйнөгө келер менен айрыкча чоңойгон сайын достору менен көп убакыт өткөрүүнү токтотушат. Уулу менен бирге сейилдеп, аны менен футбол ойноп, атайы машыгууларга барат. Чыныгы эркек азаматка таандык достук карым-катынашты орнотуу үчүн тырышат. Көп жагдайда өзү жетпеген жетиштикке уулунун келечекте жетүүсүн кыялдангандар да аз эмес.

Ошенткени менен аталар кызы десе жаны чыга жаздап, аларга өзгөчө сезим менен, назиктик менен карап, эркелетүүгө жакын болушат. Бул биринчиден, кыз бала ар дайым камкорлукту талап кылат. Бул жигитке өзүн ар дайым жаш сезинүүсүнө жана күчтүү экенин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Экинчиден, адам жаны сулуулукка жакын болсо, кыз баласынын сулуулугу – кудуреттин күчү эмеспи.

Үчүнчүдөн, кыз балдар камкорлук менен назиктик менен жооп бере алышат. Өздөрү ойлобосо да, өз кыздарынан чыныгы сулуулук эталону менен тазалыкты тарбиялоого аракет кылышат. Албетте, жубайы бар байлыгы, бирок кыздары мырзанынын чыныгы казынасы. Ошондуктан кыздардын атага деген жакшы көрүү сезими күчтүү болот чыгаар.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу